Түштүк Корея курама командасы голду белгилеп жаткан кези. Сүрөт: AFC

Кыскача:

• Түштүк Корея курама командасы жалгыз голду оюндун 41-мүнөтүндө киргизди — Ким Мин Джэ бурчтан чыгарып берилген топко кыргыз коргоочуларынан биринчи жетип, гол жаратты.

• Кыргызстан курама командасы оюндун экинчи жарымында бир нече кооптуу абалдарды жаратты, кошулуп берилген акыркы мүнөттө түштүк кореялык дарбазачы Турсунали Рустамовдун соккуларын эки жолу тосуп чыкты.

• Кыргызстан курамасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков өзүнүн курамадагы дебюттук матчында команданын эң көрүнүктүү оюнчусу боло алды — ал ондой сэйв жасап, командасын чоң эсеп менен утулуудан куткарып калды.

Сүрөт: AFC

Кененирээк:

Эки команда тең старттык курамга бирден чабуулчу коюшканы менен матчтын алгачки мүнөттөрүнөн тарта оюн борбордо өткөн жок, эки команда тең кезеги менен чабуул уюштуруп жатты.

Кутман Кадырбеков — команданын үчүнчү голкипери — Павел Матяштын ордуна чыгып, Кыргызстан курамасына өзүнүн дебюттук оюнун өткөрдү.

Кадырбеков оюндун 12-мүнөтүндө Ку Джа Холянын соккусун кайтаруу менен өзүнүн алгачкы сэйвин жасады.

Корейликтер биринчи тайм бою басым көрсөтүштү: оюндун 70% убактысын топко ээлик кылышты, алардын чабуулдарынын көбү флангдар аркылуу болду, борбор талааны дээрлик пайдаланышкан жок.

18-мүнөттө таяныч жарым коргоочу Хван Ин Бомдун соккусу дарбазадан кайып өттү.

Анын артынан 19-мүнөттө Кыргызстан дароо өзүнүн алгачкы контр чабуулун уюштуруп, Валерий Кичиндин алыстан тепкен тобу дарбазанын четинен өттү.

Оюндун 31-мүнөтүндө Кадырбеков эсте калаарлык удаа сэйв жасады.

Бирок, корейликтердин басым көрсөткөн оюну үзүрлүү болду. Бурчтан тебүү укугуна ээ болуп, Түштүк Корея командасы эсеп санын 41-мүнөттө ачты — Ким Мин Джэ стандарттан көтөрүп берилген топко кыргыз коргоочуларынан биринчи жетип, башы менен гол киргизгенге үлгүрдү.

Сүрөт: AFC

Кытай курамасы менен ойногон өткөн оюнуна салыштырмалуу Кыргызстан экинчи таймда физикалык формасын жоготпой, чабуулдар менен баштады. Бирок чабуулдардан жыйынтык чыккан жок.

48-мүнөттө Кадырбеков чабуулга карай чыгып ойноп, кезектеги сэйвин жасады — Хван Хи Чхан учурдан пайдалана алган жок.

Оюндун 57-мүнөтүндө кыргыз командасында эң кайгылуу учур болду — Ахлидин Исраиловдун соккусунан топ корейликтердин айып аянтчасындагы Ким Мин Джэнин колуна тийип калды. Бирок судья бул эпизодду байкабай калып, 11 метрден тебүүнү койгон жок.

67-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсеп тактасындагы санды тең кылганга жакын болчу, бирок анын оң канаттан тепкен тобун дарбазага багыттаган эч ким болгон жок.

Корейлик оюнчуларында бир нече жолу эсеп санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар эле. 76-мүнөттө Хван Хи Чхандын бош дарбазага багыттаган тобу дарбазадан өйдө кеткен.

Экинчи таймдын кошулган мүнөттөрүндө бүт кыргыз курамасы чабуулга өттү: алмаштыруудан чыккан Турсунали Рустамов эки жолу дарбазага сокку узатты, бирок корейлик голкипер Ким Сын Гю гол жаратууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Кыргызстан курама командасы Азия Кубогунда катары менен экинчи жолу утулду, бирок командынын ⅛ финалына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Александр Крестининдин командасы тайпалык баскычтагы Филиппинге каршы акыркы оюнда жеңишке жетишип, өз тайпаларында үчүнчү орунду алган мыкты төрт команданын бири болушу керек.

Редактору: Азиза Раимбердиева

Тема боюнча:

Кыргызстан катышкан Азия Кубогу жөнүндө эмне билесиз?

Азия Кубогу 2019: Кыргызстан Матяштын автоголунан жана коргонуудагы каталардан кийин Кытайга утулуп калды