Бишкектеги таштанды талаасы. 2016-жыл, күз. Сүрөт: Елена Хасанова / ЛИВЕНЬ.Living asia

Бишкек прокуратурасы мэриянын чиновниктерине (так кимдерге экени азырынча белгисиз) кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, мэриянын кызматкерлери кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек үчүн жаңы таштанды полигонунун курулушун токтотуп салышкан. Таштанды талаасын 2016-жылы эле куруп башташмак.

2013-жылдын майында Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) эски таштанды полигонду калыбына келтирүү жана жаңысын куруу үчүн Кыргызстанга 22 млн еврө бөлүп берүүнү чечкен. Кыргызстан ушул сумманын жарымын кредитке, жарымын грант катары алган. Кыргыз тараптан келишимге мэрия, Финансы министрлиги, мэрияга отчет берүүгө милдеттүү «Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигон» («БСП») ишканалары кол коюшкан.

Прокуратура маалымдагандай, Бишкек мэриясы, «БСП» жана «Тазалыктын» чиновниктеринин «мыйзамсыз аракеттери» долбоордун «үзгүлтүккө учуроо коркунучуна» алып келген. Ошондуктан «БСП» Европа банкынын кредитин төлөй албай калган.

Ошону менен бирге, прокуратурадан жарыялашкандай, «Тазалык» жана «БСП» долбоор боюнча каражаттарды сомдон еврого, евродон сомго конверсиялашкан. Ушунун айынан бир жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 2017-жылдын мартында мэрия эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен жаңы таштанды талаасын долборлоо жана куруу боюнча келишим түзгөн. Контракттын суммасы 7,5 млн евро болгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, «БСП» чет өлкөлүк компанияга ушул сумманын бир бөлүгүн (дээрлик 1,9 млн) которуп берүүдөн «негизсиз» баш тарткан. Ошондуктан жалданмачы компания айып пул төлөөнү талап кылган — 185,5 миң евро.

Мындан тышкары, тергөө белгилегендей, таштанды полигонунда иштөөгө керектелген атайын техниканы сатып алууда мэриянын аткаминерлери ката кетиришкен. Мисалы, катуу таштандыларды тыгыздоо машиненин бирин жогорку баада сатып алышкан.

Бишкектин жаңы таштанды жайынын курулушун 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү пландашкан. Бийликтегилер учурдагы шаардык таштанды талаасын таштандыларды жерге көмүү менен калыбына келтирүүнү каалашкан.

2017-жылдын декабрында эле таштандылар менен иштөөгө керектелген атайын техникалардын биринчи партиясы Бишкекке жеткирилген. Ошол учурда шаарга бульдозер, эки экскаватор жана үч самосвал жеткирилген.

Мэрия бир нече жолу Бишкек үчүн жаңы таштанды жайын куруу боюнча жарыя кылган. Мисалы, шаардын мурдагы мэри Иса Өмүркулов таштандыларды кайра иштетип чыгуучу заводдун курулушуна жетишүүнү убада кылган. Бирок Өмүркулов шаар башчысы болуп турган кезде булар ишке ашкан эмес.