Кыргыз дипломаты Кытайдагы кайра тарбиялоочу лагерине барып келди, бирок ТИМ бул визиттин жыйынтыгы боюнча сөз кылган жок

Лагердеги окуу тууралуу кытайлык мамлекеттик телеканалынын репортажынан алынган кадр

Аты белгисиз кыргыз дипломаты башка өлкө өкүлдөрү менен Кытайдага Шинжаң районуна (ШУАР) барып келген. Кытай бийлиги дипломаттарга кайра тарбиялоочу лагерлер боюнча экскурсия уюштурган. Бирок Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мамлекеттердин ортосундагы мамилени бузбаш үчүн визиттин жыйынтыгын жарыялаган жок.

ШУАРдагы кайра тарбиялоочу лагерлер боюнча экскурсия 28-январдан 30-январга чейин болгон — кыргыз дипломаты бул иш-чарага Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Таиланд жана башка Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган эл аралык делегациянын катарында барган.

ТИМдин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев «Клооптун» журналистине курган маегинде, кыргыз дипломатынын ШУАРга болгон сапары боюнча кеңири айтып берүүдөн баш тартты.

«Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу мамилелер боюнча маселе бар. Бул биз үчүн маанилүү жана биринчи кезекте биз ушуну негизге алабыз. Ошондуктан [бул визиттин] деталдарын азырынча [айтып] бере албайбыз», — деди Дыйканбаев.

Кытай АКШ менен Европа мамлекеттеринин дипломаттарына, эл аралык укук коргоочу уюмдарга жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттерине — убайым тартууну өзгөчө активдүү көрсөтүп, Кытай бийлигин лагерде адам укуктарын бузууда деп айыптап жаткандарга чакыруу жөнөткөн эмес.

ТИМдин 9-январдагы пресс-релизинде айтылгандай, дипломаттарга «профессионалдуу кайра тарбиялоочу борборлордун» студенттери менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Бул борборлордун бейрасмий аталышы — кайра тарбиялоочу лагерлер. Өз көзү менен көргөн же лагерлерде болуп келген адамдардын айтымында, Шинжаңдын кытайлык бийликтери бул мекемелерге региондун мусулман калкын айдап жиберишет.

ТИМдин басма сөз катчысы, кыргыз дипломаты ошол лагерлерге түшүп калган этникалык кыргыздар менен сүйлөшө алдыбы же жокпу, бул суроо боюнча да жооп бере алган жок.

«Экстремисттик идеялардын таасири алдында»

Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, алар «профессионалдуу кайра тарбиялоочу борборлорду» экстремизм жана радикализм учурларды алдын алуу үчүн уюштурушкан.

«Рейтер» агенттигинин журналисти Бен Бланчард үч «кайра тарбиялоочу борборду» көрүүгө мүмкүнчүлүк алган. Журналистке лагерде отургандар менен кыска маек курууга уруксат беришкен, бирок бийлик өкүлдөрүнүн көзүнчө гана.

Бланчардка интервью бергендердин баары борборго «экстремисттик идеяларга кабылган» үчүн түшүп калышкан.

Мисалы, Хотан борборундагы Пазалаибутуйи аттуу кыздын айтуусунда, ал кошунасынын үйүндөгү мыйзамсыз диний чогулуштарга барып жүрчү — ал жерге кызга аял кишилер беттерин катып жүрүшү керек деп түшүндүрүшкөн. Кытай бийлигинин өкүлдөрү анын үйүнө келишкенде ал «өзүнүн катачылыгын түшүнгөн».

«Ал убакта мен экстремисттик идеялар менен ооруп жүргөм, ошондуктан хиджаб кийип жүрчүмүн», — деп Пазалаибутуйи жооп берген.

«Кайра тарбиялаган программанын» башка катышуучусу Османжан журналистке айтып бергендей, ага «этникалык жек көрүүчүлүктү козуткандыгы» үчүн кайра тарбияланып чыгууну сунушташкан.

«Экстремисттик идеялардын таасири алдында дүкөнүмө келген мусулман эместерди тейлегенден баш тартчумун», — деди Османжан.

Бен Бланчард ага маек кургандар чындыкты айтып бергендигинен шектенип жатат. Журналисттин айтымында, алардын сөздөрүн «объективдүү текшерүү мүмкүн эмес».

Куугунтукталган кытайлык диссидент Уер Кайсинин ою боюнча, журналисттерге уюштурулган экскурсия Шинжаңда чын эле болуп жаткандарды көрсөтпөйт.

«Лагердегилердин катышуучулары ал жерде өз ыктыяры менен жүрүшпөгөндөрүн уюштурулган турлар боюнча эле байкаса болот», — деп Кайси «Настоящее время» басылмасына айтып берген.

Кытайдагы кайра тарбиялоочу лагерлер боюнча эмне белгилүү?

2018-жылдын 9-сентябрында Human Rights Watch (HRW) уюмунун укук коргоочулары Шинжаң районунда коомдук башкаруу системасын Кытай кантип киргизгендиги тууралуу доклад жарыялашкан.

Уюмдун маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын аягынан тарта кытайлык бийлик региондогу мусулмандарды түрмөлөргө жана кайра тарбиялоочу лагерлерге массалык түрдө жана негизсиз жибере башташкан.

HRW көрүлгөн чаралар Шинжаңдагы мусулман калктын эркиндиги менен укуктарын дискриминация кылат деп эсептейт.

Ар кайсы баалоолор боюнча, кайра тарбиялоочу лагерлерде 1ден 3 миллионго чейин киши орун алган. HRW камакка алынып чыккан беш киши менен маектешип, алардын айтымында лагерлерде алар физикалык жана психологиялык кыйноолорго кабылышкан.

Мурдагы туткун Эркин укук коргоочуларга айтып бергендей, кайра тарбиялоочу лагерлерде кытайча сүйлөгөнгө гана уруксат берилген.

«Бизге бири-бирибиз менен “Ассалам алейкум” деп учурашканга тыюу салышчу. “Ни хао ма” гана. Биз мандарин [диалектинде] гана сүйлөшө алчубуз, “Се се ни” [“Рахмат”] сыяктуу. Эгерде мен [эне тилимдеги сөздөрдү] колдонуп сүйлөсөм, мени жазалашчу», — деди Эркин.

Этникалык кыргыздардын Кыргызстан бийлигине болгон даттануулары

2018-жылдын күзүндө Кыргызстан бийлигине Кытайдан келген этникалык кыргыздар кайрыла башташкан.

Этникалык кыргыздардын айтымында, Кытай бийлиги «лагерлер» менен экстремизмге каршы күрөшүүнү баштагандан кийин алардын көбүнүн Кытайда калган туугандары менен байланыштары үзүлгөн.

Алар кошумчалашкандай, Кытайдагы туугандары алар менен интернет аркылуу сүйлөшүүнү токтотууну суранышкан.

«Менин апам менен карындашым [Кытайда] калып калды. Бирок мен алар менен байланыша албай жатам. Эгерде чалсам: “Чалба, биз коркуп жатабыз. Андан көрө чалганды токтот”» дешет, — деп этникалык кыргыздардын бири «Клооптун» журналистине айтып берди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын декабрында бул даттануулар боюнча пикирин айткан. Президент өзүнүн биринчи маалымат жыйынында бул суроону «абайлап жана эптүүлүк менен» чечиш керек деп айткан.

«Биздин түрмөлөрүбүздө дагы кытайлыктар отурат, бирок Кытай бийлиги бизге эч нерсе деп кыйкырган жок. Кытайдагы кыргыздар — Кытай жарандары жана аларга Кытайдын мыйзамдары иштейт. Бул коркуу эмес, жөн гана абайлаш керек», — деген эле президент.

Авторлошу: Асель Осмонгазиева