Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы православ мазарында вандализм акты катталды. Белгисиз адамдар андагы кресттерди, бейит эстеликтерин жана тосмолорун сындырышкан. Окуяга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көңүлүн буруп, күнөөлүүлөрдү таап, алардын жоопкерчиликке тартылышын талап кылды.

Белгисиз адамдар 11-январда Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө кирип, бейит эстеликтерин менен тосмолорду сындырып, жергиликтүү элдер мүрзөгө алып келген гүлчамбар менен гүлдөрдү чачып ташташкан. ИИМдин маалыматына караганда, 35 жыгач крест жана эки мрамордук эстелик сындырылган. Жергиликтүү элдин айтымында, 89 мүрзөнүн эстеликтери менен кресттери талкаланган. Ананьеводо мындай окуя биринчи жолу болууда.

После вандализма на православном кладбище в селе Ананьево Иссык-Кульской области по предварительным данным сломаны кресты и памятники на 89 могилах.

Posted by Nadejda Usova on Friday, January 11, 2019

Айыл тургундары укук коргоо органдарына кайрылышкан, кийинки күнү эле өз кайрылуусу менен өкмөт башчысы да чыккан. Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуяны «өзгөчө адепсиз көрүнүш» деп атап, күнөөлүүлөрдү табууну талап кылган.

«Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш», – деди премьер-министр.

Ысык-Көл облусунун ИИБи билдиргендей, бул окуяны жетекчилер көзөмөлгө алды. «Маркумдардын сөөгүн жана алар көмүлгөн жайларды кор кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды — вандалдарга 60 000ден 80 000ге чейин айып пул жана 40 саат коомдук жумуш айыбы тагылышы мүмкүн.