Бишкек маршруткаларында күндүзгү жүрүү тарифи 12 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Шаардык бийликтин бул сунушун Бишкек шаардык кеңеши карап чыгышы керек.

Транспорт боюнча Бишкек вице-мэри Максим Ситников 11-январда жарыялагандай, шаардык бийликтегилер маршрутка айдоочуларынын сунушун карап чыгып, жүрүү тарифин 10 сомдон 12 сомго көтөрүүгө макул болушкан.

Бул өзгөрүүлөр качан күчүнө кирээри белгисиз. Пенсионерлерге жана кечки убакта жүрүү акысы да көтөрүлөбү — бул дагы тактала элек. Ситников 12 сомдук жүрүү акысын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жактырса гана күчүнө кирээрин тастыктады.

«Бул актуалдуу маселе жана ал бышып жетилди. Бирок ал бара-бара ишке ашышы керек. Тагыраак айтканда, бүгүн чечимди кабыл алып, эртеси күнү эле тарифтерди көтөрүү — мүмкүн эмес», — деди вице-мэр журналисттер менен жолугушууда.

Ситников кошумчалагандай, маршруткаларда жүрүү тарифинин көтөрүлүшүнөн кутулуу мүмкүн эмес, анткени Бишкек мэриясы коомдук транспортторго накталай эмес акча менен төлөө системасын киргизүүнү пландап жатат.

«Бизге тарифтердин айырмасы керек болот, [тагыраак айтканда] накталай жана накталай эмес эсептешүүнүн ортосундагы айырма», — деп белгилерди вице-мэр.

Коомдук транспорт жол акысын накталай эмес акча менен төлөө тууралуу эмне белгилүү?

Шаардык бийликтегилердин ою боюнча, коомдук транспорттогу электрондук билеттөө жана накталай эмес эсептешүү транспорт жыйымдарын көбөйтүүгө жардам берет. Ал эми азыркы төлөө системасы «абийирсиз айдоочуларга» кирешелерди жашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов «Клооптун» журналистине курган маегинде, алгач электрондук билеттөө системасын троллейбустар менен автобустарга сынап көрүп, андан кийин гана маршруткаларга орнотулаарын айтып берди.

Жусуповдун айтымында, шаардык бийлик бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен акча албастан инвесторду чакырууну чечкен.

«Инвестор коомдук транспортторго [накталай эмес төлөө үчүн] валидаторлорду орнотот, келечекте жеке транспортторго дагы коюлат. [Жүрүү үчүн] ар бир транзакциядан каражат операторго кетет. 25 пайызы муниципалдык бюджетке, ал эми 75 пайызы инвесторго кетет», — деп түшүндүрдү Жусупов.

Инвесторду аныктоо боюнча тендер 2018-жылдын ноябрында өткөрүлмөк, бирок бул ишке ашпай калган. Вице-мэр Ситников тендердин болбой калышынын себебин «тендердин документациясы бүтө электиги» менен түшүндүрдү.

«Менин оюмча, [бул долбоор боюнча] тендер жакынкы убакытта жарыяланат. Ал эми долбоорду ишке ашыруу үч ай өткөндөн кийин башталат», — деп 11-январда айткан.

Маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу

Бишкектин маршруттук таксилердин айдоочулары жүрүү үчүн тарифтин көтөрүлүшүн көптөн бери талап кылып келишет. 2018-жылдын 2-апрелинде иш таштоого баргандарынын бир себеби да ушунда болчу.

2-апрелде шаардык маршруттук таксилер жумушка чыкпагандыктан, Бишкекте транспорттук коллапс болгон эле. Маршруттук таксилердин жокутугунан улам жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү толуп калган троллейбустар менен автобустарга түшүүгө аргасыз болушкан.

Маршруткалардын айдоочулары шаардык бийлик 2012-жылдан бери жүрүү үчүн тарифти көтөрбөй жатканына нааразы болуп келишүүдө — бул убакыт аралыгында бензинге жана унаа тетиктерине болгон баа көтөрүлгөн эле.