Келдибеков «Азия Ньюстун» башкы редакторунан 1 млн сом өндүрүүдөн баш тартты

Акматбек Келдибеков

Парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков «Азия Ньюс» басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаевге каршы 1 млн сом төлөтүү боюнча койгон доосунан кайра баш тартты. Бирок саясатчы азырынча басылманын өзүнө койгон дооматтарынан баш тарткан жок.

Асланбек Сартбаев «Клооптун» журналистине курган маегинде чын эле Келдибековдун ага карата дооматы жок экенин билдирди.

«1 млн сомду [доосун] чакыртып алды, бирок [“Азия Ньюс” басылмасынын өзүнө каршы коюлган] 1 млн сомдук экинчи доосу боюнча [Бишкек] шаардык сотунда процесс болот», — деди Сартбаев экс-спикер отурумда басылмага да каршы койгон доосунан баш тартмакчы экенин кошумчалап.

Сартбаев билдиргендей, ал Келдибеков менен бир нече жолу жолуккандан кийин экс-спикер менен «Азия Ньюстун» ортосунда тынчтык орногон.

Материал жарыяланып жатканда Келдибеков пикир алууга жеткиликсиз болду.

Келдибековдун журналисттерге каршы доолору

2018-жылы октябрда Акматбек Келдибеков «Азия Ньюска» жана анын башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сот процессин жеңип алган. Бишкектин Октябрь райондук соту булардын ар бирин Келдибековго 1 млн сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ушундай эле доону саясатчы 2018-жылдын декабрында «Kyrgyztoday» басылмасына каршы койгон. Басылманын маалыматына ылайык, экс-спикер сайттагы материалдар үчүн аны сотко берүүнү чечкен. Ал материлдарда басылманын журналисттери Келдибеков кантип коррупция боюнча иштердин фигуранты болуп калгандыгы тууралуу айтып беришкен.

Мурдагы спикер өз кадыр-баркы менен ар-намысына келтирилген зыянды 1 млн сомго баалаган. Басылманын редакциясы Келдибековдун койгон доолоруна макул эмес болгон.

Ошондой эле, декабрда Акматбек Келдибеков Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев менен чогу экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко берген. Сот документтердин жетишсиздигине байланыштуу арызды кабыл албагандыктан, январда саясатчылар Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын кайрадан сотко беришкен.

Доогерлердин айтымында, сотко берүүгө Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген маеги себеп болгон. Экс-президент интервьюсунда Келдибековду коррупция боюнча айыптаган.