«Билеттер арзандап, учуу убактысы кыскарат». Жээнбеков «ачык асман» боюнча мыйзамга кол койду

Сооронбай Жээнбеков президенттик учактан чыгып келе жаткан учуру. Сүрөт: Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үстүндөгү асманды чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн ачык кылган мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордун демилгечилеринин баамында, «ачык асман» авиабилеттердин баасын төмөндөтүп, каттамдардын санын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жээнбеков Аба кодексинин оңдоолоруна кол койду — эми эл аралык каттамдар Кыргызстан аркылуу транзит менен уча алышат. Бул чет өлкөлүк учактар кыргыз аэропортторуна конуп, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү алып, андан ары учуп кете алышат дегенди билдирет.

Долбоор демилгечилеринин айтымында, «Ачык асмандын» саясаты авиабилеттердин баасын 40 пайызга чейин төмөндөтүп, Азия, Европа жана Жакын Чыгыш өлкөлөрү арасындагы транзиттин эсебинен учуулардын географиясын кеңейтет.

«Биз үчүн мунун пайдасы өтө көп. Туристтер менен инвесторлор көбөйүп, билеттер арзандайт жана учуу убактылары кыскарат», — деди депутат Абдывахап Нурбаев.

Эми өкмөт жарым жыл ичинде бардык керектүү нормативдик актыларды иштеп чыгуусу керек.

«Эйр Манас» компаниясынын гендиректору Талгат Нурбаев «ачык асманды» киргизүүгө каршы чыккан — анын айтымында, чет өлкөлүк авиакомпаниялар жергиликтүү компанияларды «өлтүрүшү» мүмкүн. Мамлекет жергиликтүү авиакомпанияларды колдошу керек деп Нурбаев кошумчалаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп бергендей, жергиликтүү авиакомпаниялар чет өлкөлүк компаниялар менен «ак ниет конкуренция кылып», тейлөө деңгээлин жогорулатышы керек.

Кыргызстандын бардык 13 авиакомпаниясы тең Евробиримдиктин «кара тизмесинде» — алардын учактары коопсуздуктун европалык талаптарына жооп бербегендиктен Европанын үстүндө учууга тыюу салынган.