Иллюстративдик сүрөт

Өткөн жылдын декабрында Өзгөн районунун Зергер дарыясы ылайланып аккан. Жергиликтүүлөр сууну Сузактагы Кум-Бел кенинен чыккан калдыктар булгаганын айтып чыгышкан. Январдын башында дарыядагы кырдаалды изилдөө боюнча ведомсволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын алдын ала жыйынтыгы 15-январда жарыяланып, өкмөттүк комиссия Кум-Бел көмүр кенин иштетүүдө мыйзам бузулгандыгын аныктады.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, Жалал-Абаддагы Кум-Бел көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлгөн.

«Кен казууда чыккан калдыктар бульдозердин жардамы менен тоо бооруна чогултулган. Жогоруда жайгашкан булак үймөктөлгөн тоо–теги аркылуу агып чыгып, төмөн куя баштаган. Натыйжада, булак суусу тоо тегинин майда урандылары жана көмүрдүн чаңы менен агып баштаган», — деп айтылат маалыматта.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кум-Бел кенинде иш алып барган «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ЖЧКлары Кыргызстандагы «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамды бузгандыгы аныкталды. Өкмөттүк комиссия учурда айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын чыгымын эсептөөдө.

Мындан тышкары, экотехинспекциянын кызматкерлерине «жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбагандыгы» үчүн тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынмакчы.

2018-жылдын 25-декабрында Өзгөн районунун тургундары Зергер дарыясынын ылайка түскө келип булганганын айтып чыгышкан. Алар сууга Жалал-Абаддагы Кум-Бел көмүр кенинин калдыктары түшүп, аны ичүүгө жараксыз абалга келтирген деп божомолдошкон.

Дарыядан тартылган тасма январдын башында коомдук желелерге жарыялангандан көп өтпөй өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Учурда Кум-Белде иш алып барган компаниялардын ишмердүүлүгү токтоп турат.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы