Шаардык сот Зилалиевге чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды — бомба тууралуу жалган маалымат үчүн шарттуу үч жыл

Бишкек шаардык соту мындан мурунку инстанциянын чечимин өзгөртпөстөн, мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн үч жылга шарттуу кести.

Сот отуруму 15-январда болуп өттү. Зилалиевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова «Клооптун» журналистине айтып бергендей, Залалиев шаардык соттун өкүмүн Жогорку сотко даттануу боюнча чечим кабыл ала элек.

11-январда болгон сот отурумунда Жакупбекова сот коллегиясынан Зилалиевге чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, кылмыш ишин жабууну сураган эле.

Жакупбекова өзүнүн суранычын жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодекси боюнча Зилалиевдин кылмышынын мөөнөтү эскиргендигин айтып, анын аракеттеринен эч ким жабыркаган эместиги менен түшүндүрдү. Бирок сот жактоочунун арызын кабыл алган жок.

Зилалиев эмне боюнча айыпталууда

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылы 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү Зилалиев ИИМдин Академиясынын курсанты Самара Өмүракуновага жаңы президенттин кортежи өтө турган жакта бомба коюлгандыгын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) анын айткандарын текшерип чыгып, жардыруучу заттын коюлгандыгы боюнча эч бир далил тапкан эмес. Зилалиевге каршы бомба тууралуу жалган маалымат бергени боюнча кылмыш иши козголгон. Ал курсанттардын бири менен сүйлөшкөнүн мойнуна алганы менен жардыруучу зат жөнүндө айткандыгын четке каккан.

Бул мурдагы вице-премьерге карата козголгон биринчи кылмыш иш эмес — ал 2018-жылы декабрда дагы мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган.

УКМК Зилалиевдин чыныгы кирешелери декларацияда көрсөтүлгөндөн дээрлик он эсе көп экенин аныктаган — алар анын батирлерин, жер тилкелерин, үйлөрүн, кеңсе жайларын, сааттарын, баалуу буюмдарын жана акчаларын таап чыгышкан.