Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы компьютердик клубдарды жабууну сунуштады

Бишкектеги компьютердик клуб. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Бишкек шаардык кеңешинин башчысы Жаныбек Абиров жаш балдар жана мектеп окуучулары көбүрөөк китеп окушу үчүн, борбор калаадагы компьютердик клубдарды жабууну сунуш кылды.

Абировдун айтуусунда, казинолорду жапкандай эле компьютердик клубдарга дагы тыюу салыш керек.

«[Компьютердик клубдарда] интернет мейкиндигине, интернет-оюндарга комфорттуу кирүү үчүн сонун шарттар түзүлгөн. Бул жака миллиондогон каражаттар жумшалган жана ал азыр жакшы өнүгүп жатат», — деп Абиров 15-январдагы шаардык кеңештин отурумунда айткан.

Абировдун баамында, жаш балдар менен мектеп окуучулары «көбүрөөк окушу керек» жана ал үчүн китепканаларды өнүктүрүү зарыл.

«Эгерде биз жаш балдарга бир нерсеге тыюу салып жатсак, анда [анын ордуна] бир нерсе бериш керек, сунушташыбыз керек. Шаардык китепканаларыбызга балдар барып турушу үчүн шарттарды түзүү зарыл», — деди төрага.

Жаныбек Абировдун компьютердик клубдардын иштерин чектөө боюнча биринчи аракети эмес — 2018-жылы ушундай мекемелерге жашы жетелектерди киргизбөөнү сунуш кылган.

Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченконун айтымында, компьютердик клубдардын иштери мыйзамдар менен көзөмөлдөнбөйт — ошондуктан балдар менен мектеп окуучулары ал жайларга окутуу убактысында да бара алышат.

Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп 2018-жылы сентябрда шайланган. Анын атасы Болотбек Абиров — Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүү боюнча тендерди бир нече жыл катары менен утуп жаткан «Рассвет Компани» компаниясынын түзүүчүсү.

Тема боюнча: 

Кантип профессионал киберспортчу болууга мүмкүн?