Тазабек Икрамов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

2018-жылы декабрдын аягында парламент депутаты Тазабек Икрамов «билим берүүнүн отличниги» төш белгисин алган. Адатта бул наам 20 жылдан ашык агартуу тармагында эмгектенгендерге берилет.

Икрамов өзүнүн инстаграмында наамга ээ болгону тууралуу пост жарыялагандан кийин кыргыз ЖМКлары бул жөнүндө жазып чыгышкан. Постундагы сүрөтүндө депутат Билим берүү министринин орун басарынан күбөлүк менен төш белгини алып жатканы көрсөтүлгөн.

Икрамовдун билим берүү тармагында тажрыйбасы бар. Ал 90-жылдардын аягында эки жыл дене тарбия мугалими болуп иштеген. Албетте, соцтармактарда бул терс реакция жаратты — колдонуучулар аз стажы бар депутат жогорку наамга ээ болгондугу үчүн нааразы болушту.

Бул мүмкүнбү?

Ооба.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, «отличник» төш белгиси агартуу иштерине гана эмес, «өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана окутууда материалдык базасын бекемдөөгө кошкон салымы» үчүн дагы берилет — бул мектепке алынып берилген компьютерлер же башка материалдык жардамдар болушу мүмкүн.

«Бул окутуу үчүн гана эмес, жалпысынан жаштарды тарбиялоодогу ийгиликтер [үчүн] дагы», — деп министрликтен билдиришти.

Демек, «билим берүүнүн отличниги» төш белгисин өз кесибине ондогон жылдарды арнаган мугалимдер гана эмес, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана бизнесмендер дагы ала алышат.

Мисалы, Икрамов сыяктуу эле Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын азыркы статс-катчысы Талант Конокбаев дагы «билим берүүнүн отличниги» — анын өмүр таржымалында билим берүү тажрыйбасы жөнүндө эскертүүлөр деги эле жок.

Депутат, спортчу жана меценат

Икрамов «Клооптун» журналистине Жалал-Абаддагы жаш спортчулардын өнүгүүсүнө кылган салымы үчүн төш белгини алганын айтып берди.

«Жалал-Абадда спорт мектеби бар, ал жакта спортчулар окушат — өздөрү айтып беришет. Мен Жалал-Абадда спорт залын кургам жана жыл сайын ал жерде эл аралык турнир өткөрүп турам. Албетте, баарын мен төлөйм. Башка ким төлөмөк эле?» — деди депутат.

Икрамов эки жыл дене тарбия мугалими болуп Жалал-Абад облусундагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын филиалында эмгектенген.

Андан кийин Икрамов ишкердик кылган, ал эми 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан парламентке депутат болуп келген.

Тема боюнча: 

Цитата: Тазабек Икрамов депутаттарга атайын авто номерлерди кайтарып берүү жөнүндө