Экс-спикер Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинен 1 млн сом талап кылбоону чечти

Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» басылмасынан 1 млн сом төлөтүү боюнча койгон доосунан кайра баш тартты. Саясатчы бир нече күн мурда гезиттин башкы редактору Асланбек Сартбаевге каршы ушул эле суммадагы доосун чакыртып алган.

Келдибековдун жактоочусу Гуля Рыскулова 24.kgге маалымдагандай, Келдибеков менен Сартбаев элдешип алган — «Азия Ньюс» эми соттогу талашка негиз болгон материалдарды төгүнгө чыгарган матариал жарыялашы керек.

«Жарыянын автору ким экени бизге белгилүү. Башкы редактор купуя ат менен макаланы өзүм жазгам деп жарыялагандыктан биз аны сотко бергенбиз. Материалдарда инициалдары жазылган журналист “Азия Ньюста” жок», — деп Рыскулованын сөздөрүн келтирет 24.kg.

Келдибеков 14-январда «Азия-Ньюс» басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаевге каршы 1 млн сом төлөтүү боюнча койгон доосунан баш тарткан. 2018-жылы октябрда Акматбек Келдибеков «Азия Ньюска» жана анын башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сот процессин жеңип алган. Бишкектин Октябрь райондук соту булардын ар бирин Келдибековго 1 млн сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Келдибековдун журналисттерге каршы доолору

«Азия-Ньюс» — Келдибеков сотко берген жалгыз ЖМК эмес.

Саясатчы 2018-жылдын декабрында «Kyrgyztoday» басылмасына каршы доо койгон. Басылманын журналисттери Келдибеков кантип кылмыш иштердин фигуранты болуп калгандыгы тууралуу айтып беришкен. Ушул материалдын сайтта жарыяланышы себеп болгон.

Келдибеков материалдан келтирилген зыянды 1 млн сомго баалаган. Басылманын редакциясы анын койгон доолоруна макул болгон эмес.

Акматбек Келдибеков ошондой эле декабрда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер менен бирге экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко берген. Сот документтердин жетишсиздигине байланыштуу арызды кабыл албагандыктан, январда саясатчылар Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын кайрадан сотко беришкен.

Доогерлердин айтымында, сотко берүүгө Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген маеги себеп болгон. Экс-президент интервьюсунда Келдибековду коррупция боюнча айыптаган.