16-январда Филиппиндер менен болгон оюнундагы Кыргызстан курама командасы. Сүрөт: AFC

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы 19-январда Азия Кубогунун ⅛ финалында Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) командасы менен беттешет. Албетте, жыйынтыкты алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Бирок ошентсе да биз спортко акча коюу менен киреше тапкан адамдарга кайрылып көрдүк.

Спорт оюндарына так прогноз койгонго букмекерлер кызыгышат жана алардын баамында, турнирдин ээси болгон Бириккен Араб Эмирлигинин курамасында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Биз төрт ири букмекердик конторадан алынган коэффиценттерге талдоо жүргүздүк. Бирок, баарына түшүнүктүү болушу үчүн сиз 1 сом койсоңуз канча утуп аларыңызды көрсөтөбүз.

bet365:

🇦🇪 БАЭнин жеңиши: 1,44 сом

☮️ Тең чыгуу: 4 сом

🇰🇬 Кыргызстандын жеңиши: 8 сом

William Hill:

🇦🇪 БАЭнин жеңиши: 1,38 сом

☮️ Тең чыгуу: 4,20 сом

🇰🇬 Кыргызстандын жеңиши: 8 сом

bwin:

🇦🇪 БАЭнин жеңиши: 1,44 сом

☮️ Тең чыгуу: 4,33 сом

🇰🇬 Кыргызстандын жеңиши: 8,25 сом

1xBet:

🇦🇪 БАЭнин жеңиши: 1,43 сом

☮️ Тең чыгуу: 4,34 сом

🇰🇬 Кыргызстандын жеңиши: 8,30 сом

Плей-офф баскычында да тең чыгуу мүмкүнбү?

Ооба, эгер командалар оюнду пенальтиге чейин жеткиришсе, анда беттештин жыйынтыгы расмий түрдө тең чыгуу деп таанылат. Эгерде сиз акчаңызды матч тең чыгат деп койгон болсоңуз, анда пенальтинин жыйынтыгы кандай гана болбосун баары бир байгеге ээ болосуз.

Дагы эмнелерге акча коё аласыз?

Эмнени кааласаңыз ошонун бардыгына. Командалардын ичинен кайсынысы Азия Кубогунун чейрек финалына чыга алат деген да бөлүмгө акча сайса болот. Бул учурда, албетте, пенальти да чоң роль ойнойт. Андан тышкары, букмекерлер БАЭнин чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн да жогору баалашууда.

Ошондой эле, таң калычтуу окуяларга да акча сайса болот (эгерде биринчи гол баш менен киргизилет дегенге 1 сом койсоңуз, аны кайсы команда киргизээри маанилүү эмес, башкысы башы менен киргизилсе 5 сом 50 тыйын утасыз).

Албетте, коюм канчалык өзгөчө болсо, утуш коэффиценти да ошончо жогору болот. Бирок аны менен бирге тобокелдик да жогору болоорун эске алуу керек (3:3 эсебине 1 сом коюп, 151 сом утуп алса болот, бирок эсеп саны чын эле ушундай болооруна чоң күмөн бар).

Мен деле акча коюп көрсөм болобу?

Эгерде сиздин жашыңыз жете элек болсо, анда бул мыйзамсыз болуп калат. Ал эми жашыңыз 18ден жогору болсо, анда албетте, акчаңызды өз билгендей пайдалана аласыз. Бирок лудомания (кумар оюндарына патологиялык берилүү) Оорулардын эл аралык классификациясына кирээрин эстен чыгарбаңыз. Албетте, букмекердик конторалар да сиз аркылуу көп акча табууга ынтызар, антпесе алар күн деле көрө алмак эмес. Ошондуктан этият болуңуз!

Азия Кубогу деген эмне, деги эле эмне жөнүндө айтып жатасыңар?

Азия Кубогу — бул Азия курама командаларынын арасындагы эң маанилүү футбол турнири. Турнирге Кыргызстан алгачкы жолу катышып жатат. Ал эми 16-январда Кыргызстан курамасы Филиппин командасынын үстүнөн тарыхый жеңишке жетишип, өз кезегинде бул биздин курамага кийинки баскычка чыгуу мүмкүндүгүн берген.

Тема боюнча:

Кыргызстан катышкан Азия Кубогу жөнүндө эмне билесиз?