Сүрөт: Самара Алимбекова/Kloop.kg

Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Иззет Акимовдун 100 жылдыгына карата көргөзмө өтүүдө. Ага Акимовдун 30га чукул сүрөттөрү коюлган. Көркөм музей тарабынан уюштурулган иш-чара 18-январда башталып 7-февралга чейин уланат.

Сүрөтчү Ырысбай Төлөновдун айтымында, Иззет Акимов академиялык билим алган эмес. Ал сүрөт тартууну 30 жашында өз алдынча үйрөнүп, пейзажга басым жасап, боёк менен тарткан. Анын чыгармаларынын арасынан Ош шаарындагы тарыхый эстеликтерди, кыргыздардын каада-салтын кездештирүүгө болот.

«Ал Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө да кабыл алынган эмес. Бул жактагы чыгармаларынын көбү 1960-жылдары тартылган. Самарканддагы [Өзбекстан] тарыхый эстеликтерди тартып алган. Бул эстеликтерди азыр барып көрсөң мындай эмес, урап калган. Ушул сүрөттөр кээ бир музейлерде гана сакталып элге көрсөтүлүп келет», — дейт Төлөнов.

Акимов Крымды, Кавказдын жарымын жөө басып өтүп, табиятты, тилди жана тоолуктардын салттарын изилдөөгө кызыккан. 1944-жылы өз жердештери сыяктуу эле Крымдан Өзбекстанга куугунтукталган. Ушундай жол менен Орто Азияга туш болгон сүрөтчү Андижанда алгачкы чыгармачыл топту түзүүгө жетишкен.

Андан кийин У.Ахунов, Р.Шафеев, И.Токтосунов, А.Мурзакаримов, Б.Жалиев жана Л.Горгунов сыяктуу сүрөтчүлөр менен биргеликте Түштүк Кыргызстандагы чыгармачыл топтун жана көркөм фонддун негизделишине өз салымын кошкон.

Иззет Акимов 1992-жылы 74 жаш курагында каза тапкан.

Редактору: Гүлжан Эшбаева