Милиционер катышкан жол кырсыгында ӨКМдин кызматкери каза тапты

Бишкекте милиция кызматкери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 34 жаштагы кызматкери каза тапкан жол кырсыгынын катышуучусу болду. Айрым ЖМКлар милиционер мас абалда, ал эми каза тапкан аял кош бойлуу болгон деп жазышууда. Бирок муну азырынча эч ким тастыктай элек. Тергөө жол кырсыгына ким күнөөлүү экенин аныктап жатат.

Жол кырсыгы 21-январда Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жүз берген. Маалыматка ылайык, милиция кызматкеринин Mercedes Benz үлгүсүндөгү машинасы Toyota Avensis унаасы менен сүзүшкөн.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes жолдун каршы тилкесине чыккан», — деп жазат «Спутник» басылмасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматына таянып.

Toyotaнын ээси кырсык болгон жерде дароо көз жумган. Ал эми Mercedesтин айдоочусу менен жүргүнчүсүн оор абалда тез жардам унаасы ооруканага жеткирген.

«Вечерний Бишкек» гезити маалымдагандай, каза тапкан аял ӨКМдин кызматкери болгон. Министрликтен бул маалыматты журналисттерге тастыктап беришкен.

«Айрым маалыматтарга ылайык, Toyota Avensisтин 34 жаштагы жүргүнчүсү кош бойлуу болгон», — деп жазган басылма. Ал эми «Спутник» агенттиги жол кырсыгына күбө адамга таянып, милиционер мас абалда болгонун билдирген. Бирок ЖКККББдан да, ШИИБден да, атүгүл Бишкектин тез жардам кызматынан да бул маалыматтардын бирин да төгүндөп же тастыктап бере алышкан жок.

ШИИБ менен ЖКККББнын басма сөз кызматынан тергөө жол кырсыгына ким күнөөлүү экенин териштирип жатканын «Клооптун» журналистине кошумчалашты.

Авторлошу: Эмил Султаналиев