Табып Зайналиев сот залынан бошотулду

Хашим Зайналиев (оңдо). Сүрөт: Бейшенбек Бекешев

«Альтернативалуу медицинанын» практиги Хашим Зайналиев 21-январда сот залынан бошотулду. Жабырлануучу табыпка койгон дооматынан баш тарткан. Мурдараак ал аны алдамчылык боюнча айыптаган. Зайналиев өзүнүн «мыйзамсыз» ишмердиги үчүн алгачкы ирет эле жоопкерчиликтен кутулуп кетип жаткан жок.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 21-январда Зайналиевдин иши боюнча сот отурум болду. Сот учурунда жабырлануучунун өкүлү айып коюудан баш тарткан, ошондуктан сот кылмыш ишин токтотууну чечип, Зайналиев сот залынан дароо бошотулган.

«Сот отурумунда арыз ээси Зайналиевге карата эч кандай дооматы жок экенин, себеби табып ага материалдык зыян төлөп бергенин билдирген», — деп жазат Knews басылмасы Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып.

Табып алдамчылык боюнча айыпталгандан бери 2018-жылдын 22-декабрынан тарта тергөө изоляторунда (ТИЗО) кармалган. Ал учурда милицияга кайын энеси Зайналиевдин клиникасында рак илдетинен дарыланганын айтып берген адам кайрылган. Бул убакыт аралыгында үй-бүлө ага 100 миң сом төлөгөн. Табып жүз пайыздык кепилдик бергени менен аялдын абалы начарлап, кайтыш болуп калган.

Зайналиев кармалгандан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова табыптын медициналык ишмердик жүргүзүүгө лицензиясы жок экендигин «Клоопко» айтып берген.

«Анын лицензиясы жок. Лицензияны медициналык билими барлар эле ала алышат, ал эми Зайналиевде медициналык билим жок. Саламаттык сактоо министрлиги ага медициналык ишмердик жүргүзүүгө [лицензия] берген эмес, биз бул жөнүндө эки жылдан бери айтып келебиз. Биз аны жаба алган жокпуз», — деп билдирген Айгерчинова.

Буга чейин ал Саламаттык сактоо министрлиги дээрлик бардык органдарга, анын ичинде ИИМге жана УКМКга кайрылгандыгын, бирок алар Зайналиевге чара көрүшпөгөнүн, анткени министрлик жабыр тарткан тарап болуп эсептелбесин айткан.

• Сот отурумуна чейин бир күн мурда Зайналиевди сот куугунтугунан коргоо өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековдун атына ачык кат жазышкан. Катка бир нече адам кол койгон, алардын ичинде КТРК жана ЭлТР телеканалдарынын мурдагы башчылары Кыяс Молдокасымов, Бейшенбек Бекешев жана башка журналисттер менен окумуштуулар бар.

• Биринчи жолу «мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» үчүн кылмыш иши Зайналиевге 2017-жылы жайында козголгон. Ал кезде табыптын операциясынан улам бейтап аял каза тапкан. Ал бейтаптын эмчегин наркозсуз алып салууга аракет жасаган. Ошондон кийин табып өз клиникасын жабууга аргасыз болгону менен жазага тартылган эмес — каза тапкан аялдын туугандары ошо бойдон Зайналиевдин үстүнөн арыз жазышкан эмес.