https://www.instagram.com/p/Bs58AgoHdtq/?utm_source=ig_embed

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы матчтын жүрүшүнө өзүнүн иш бөлмөсүндө көз салып отурду. Аны менен бирге матчты вице-премьер-министрлер Кубатбек Боронов, Жеңиш Раззаков, Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров көрүштү.

Кыргызстандын курамасы Азия Кубогунун ⅛ финалында өз талаасында ойногон БАЭнин командасына 2:3 эсебинде утулуп, турнирден четтеди.

Биздин команда чемпионатта канчалык кызыктуу жана кооз оюн көрсөткөндүгү тууралуу тексттик трансляциябызды окуңуз.