2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафон. Сүрөт: Уулжан Саякбаева / Kloop.kg

Ош шаарында «Чуркоо бул — жашоо» деген ураан астында алгачкы жолу эл аралык марафон өтөт. Ал 6-апрелде саат 9:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында старт алат.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынан маалымдашкандай, иш-чаранын максаты — сергек жашоону жайылтуу, спорт менен машыгууга үндөө, эл аралык спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү.

«Жөө күлүктөр эң узагы 42, 21, 10 жана 3 километрге чуркашат. Бирок бир катышуучу бир аралыкка гана чуркоо укугуна ээ», — деп билдиришти федерациядан.

Каттоо 1-февралдан тарта 3-апрелге чейин Ош шаардык спорт комитетинде жана «Добродетель» коомдук бирикмесинде жүргүзүлөт. Ал үч этап менен өтөт. Бара-бара марафонго катталуу акысы жогорулайт — февралда 300 сом, мартта 500 сом, апрелде 1000 сом.

Марафонго катышуунун шарттары:

  • Ага 16 жаштан жогору курактагы спорт сүйүүчүлөрү жана дасыккан жөө күлүктөр катыша алат;
  • Катталуу үчүн жөө күлүктөр марафонго катыша ала тургандыгы боюнча медициналык уруксат кагазын алып келүүсү зарыл;
  • Катталуу акысын төлөө.

Марафондун байге фонду 270 миң сом. Анын ичинен 180 миң сому эң узун аралыкка чуркагандардын категориясына бөлүнсө, 21 чакырымды багындыруучуларга 90 миң сом каралган. Марага келген ар бир катышуучуга өздүк жыйынтыгы жазылган сертификат менен медаль берилет.

Редактору: Гүлжан Эшбаева