Сатыбалдиев менен Артыкбаевге ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча айып тагылды

Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге коррупция боюнча айып такты.

УКМКнын басма сөз кызматы Сатыбалдиев менен Артыкбаевге карата кылмыш иштери боюнча иликтөө аяктаганын билдирди. Эки саясатчыга тең «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылды.

Артыкбаев энергетика министри болуп турган кезде ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзгөн делип айыпталууда.

Ал эми Сатыбалдиев, УКМКнын версиясы боюнча, өкмөт башчысы болуп иштеп турган кезинде Кытайдын «Эксимбанкы» менен 386 млн долларга ыңгайсыз шарттагы насыя келишимине кол койгон. Натыйжада Кыргызстан Кытайдын банкына дээрлик жарым миллиард доллар кайтарып берүүгө аргасыз болуп калган.

Сатыбалдиев менен Артыкбаев 2018-жылы жайында камакка алынган. Алар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудан улам кылмыш иштеринин фигуранттары болуп калышкан жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири.

ЖЭБ иши боюнча айыпталгандардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Түндүк электр» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов бар.

Бийлик Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча иликтөөнү ал жакта 2018-жылы январда бишкектиктердин жарымын жылуулуксуз калтырган авария болгондон кийин баштаган — бул бир гана авариянын келип чыгуу себептерин гана эмес, жаңыртууга кеткен чыгымдарды да иликтөөгө алып келген.

Депутаттык комиссия жаңыртууда Кытайдан алынган насыя ыксыз колдонулуп, ал эми жабдуулардын баасы кымбаттатылган деген тыянак чыгарышкан. Ал эми УКМК ТВЕА менен көзкөрүнөө ыңгайсыз шарттагы насыя келишими мамлекетке 111 млн доллар зыян тийгизген деп ырастоодо.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши 2014-жылдан тарта 2017-жылга чейин жүргүзүлгөн. Электр борборун жаңыртуу үчүн насыяны Кыргызстанга Кытайдын «Эксимбанкы» бөлүп берген.