Бишкекте «Жетикс» аттуу супер баатырлар жөнүндө тартылган алгачкы тасманын бетачаары болду. «Клооптун» журналисти Айдай Эркебаева тасманын жабык көрсөтүүсүнө барып келди. Эгер кыскача айтсак, тасма ага жаккан эмес, бирок уландысын көрмөк.

23-январда «Жетикстин» жабык көрсөтүүсүнө келгендер бир залды толтурду. Бардыгы тең Кыргызстанда биринчи жолу тартылган супер баатырлар жөнүндө тасманы чыдамсыздык менен күтүп жатышкан.

Фильмдин авторлору супер баатырлар жөнүндөгү окуялардын популярдуулугуна жана атайын эффектерге басым жасашкан. Тасманын графикасы жаман эмес, кайрадан жагымдуу элес калтырат, себеби башкы терс каарман 3Dда коркунучтуу көрүнүп, бир жагынан Чоочунду (ред. —«Чоочун» тасмасындагы башкы каарман) элестетти.

Терс каармандын анимациясы менен атайын эффекттери — бул тасманын авторлорунун сыймыгы. Алар Кыргызстанда биринчилерден болуп «кыймыл-аракеттерди каттоо» технологиясын колдонушкан — алгач датчиктер актердун бардык «жандуу» аракеттерин белгилеп, андан кийин аларга 3D графика коюлат. Айта кетсек, «Аватар» же «Хоббит: Смаугдун ээн талаасы» деген аталыштагы Голливуд тасмалары да ушундай тартылган.

Тасманын позитивдүү жактары ушуну менен эле бүтүп калбаганы менен укмуштуудай туюлган кыргыз эффекттери сюжеттик кемтиктерди бүтөй алган жок.

Фильмдин сюжети боюнча жаш балдардын сезимдерин уурдап кетүү үчүн Жерге келгин түшөт. Коркунучка туруштук берүү үчүн жашыруун уюм укмуштуудай жөндөмдөрү бар беш өспүрүмдөн турган команда чогултат.

Бирок команданын чогулушу эле фильмдин үчтөн бир убактысын алып коёт — каармандардын биринчиси жаа менен таамай атса, экинчиси ойдун күчү менен буюмдарды жылдыра алат, үчүнчүсү тез кыймылдайт, төртүнчүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан машинелерди оңой жылдырса, бешинчиси каалаган компьютердик системасын сындыра алат.

Тасмада чаташкан сюжеттик бурулуштар менен окуядагы кемтиктер көп. Менде каармандар кантип кандайдыр бир ой корутундуларды чыгарышканы байма-бай ойго салып жатты. Мисалы, супер баатырлар командасынан катышуучулардын бирөөсү кеткенде гана ал лидер болгонун билебиз.

Жедай кылычтарын көтөргөн адамдар эмне үчүн келгиндин жардамчылары болушканы да түшүнүксүз болду (негизи алар адам болушканбы же адам өңдөнгөн андроиддер болушканбы?) Андан тышкары, адамдар балдарды келгиндер уурдап жатканын кайдан билишкен жана алар балдардын сезимдерин кайтаруу үчүн эмне кылышат?

Башкы каармандардын актердук чеберчилиги да жакшы сөзгө татый бербейт. Фильмдин башынан аягына чейин алардын эмоциясы жок жүздөрүн, планетаны сактоо боюнча эч бир маанини туюнтпаган сөздөрүн жана каармандардын үй-бүлөсүндөгү бактысыздык тууралуу чындыкка окшобогон баарлашууларын угууга туура келди. Балким буга тажрыйбанын жана актерлорго тасмада берилген убакыттын тардыгы себеп болгондур, бирок алар чындыгында начар ойношкон.

Алардын ичинен супер баатыр кыздын эч кандай күчкө ээ болбогон бирок баатыр болгусу келген кичүү иниси көзгө урунат. Анын ролу башкалардыкына салыштырмалуу чын жүрөктөн аткарылганы байкалат. Ал аркылуу тасманын авторлору бардык адам баатыр боло алат деген идеяны жеткиришсе болмок. Бирок алар бул нерсени беришкен эмес, анын ордуна ал максатсыз эле башкы каармандардын буттарына чалына берет.

Мезгил-мезгили менен согуш сценалары менен балдарды куткаруу жөнүндө кептердин ортосунда ата-энелик сүйүү темасы көтөрүлөт — башкы терс каарман ата-энелери жумуштан колдору бошобой, эч кимге кереги жок болуп калган жаш балдарды уурдап кетет.

Терс каармандын жардамчысы сезимсиз жана сүйүүсүз жашаган оңой экендиги тууралуу ой жүгүртөт. Ал эми уурдалган балдардын ата-энелери аргасыздан камерага ыйлашат. Кандай ойлосоңор ошондой ойлогула, бирок бул монологдор менен аңгемелешүүлөр сюжетке текши коюлган эмес. Ал эми жетиштүү мээрим көрбөгөн балдар жөнүндө биз тасманын ортосунда гана угабыз.

Тасманын негизги максаты — бул көптөгөн жаш балдардын ойлору аркылуу авторлор кичинекей көрүүчүлөрдү өзүнө тарткысы келген: ата-энең сени баалап, сүйүп башташы үчүн жоголуп кетүү жөнүндө ойлор. Бирок чоңдор үчүн бул өтө эле үстүртөн түшүндүрүлгөн.

Фильмди жараткандар ар бир каарманга окуя ойлоп таап берип, аларды жетиштүү мээрим көрбөгөн, ошол эле маалда жөндөмдүү балдар катары көрсөтүүгө аракет жасашкан. Бирок бул уйпаланган жана чындыкка коошпогондой көрүнүп калган. Мындан улам текстти кагаздан окуп атышкандай түр калтырган актерлордун өздөрүнө да, көрүүчүлөргө да ыңгайсыз болду.

Сюжет боюнча башкы каармандарды үй-бүлөдөгү көйгөйлөр бириктирет — бирөөсүнүн атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен, башкасынын ата-энеси Орусияда иштейт, үчүнчүсү томолой жетим, төртүнчүсүнүн ата-энесинин жумуштан колу бошобойт. Тасма Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөрдү айланып өтпөгөндүктөн, бул жакшы идея, себеби эмгек миграциясынан улам балдар өздөрү менен өздөрү болуп кала беришет.

Ал эми бешинчи супер баатырда баары жакшы, ал тамак жегенди жакшы көрөт. Бул анын сценаристтер ачып берейин деген негизги идеясы. Тасманын баш аягына чейин ал бир-эки гана толук сүйлөм айтып, башка убакта тамактанып уйкусун кандырат. Аны сюжетке юмор жаратуу үчүн кошулганы байкалып турат.

Оператордун эмгеги жарды, ал эми жакынкы жана алыскы пландардын эпикалуу музыкалар менен коштолгону кыжырдантат. Кыязы, майда сюжеттик кемтиктер — макулдашылбаган монтаждын кесепеттери болушу мүмкүн. Балким, тасманын авторлору каармандар жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк айтып бергилери келип, аягында конкреттүү эч нерсе айта албай, ойлору чачыранды болуп калган.

Кызыктуусу, фильмде окуянын уландысы бар деген кыйытмасы бар экен — «Жетикс» деген аталышы жети каарманды айтып жатса да кинонун бул бөлүгүндө беш гана каарман бар. Сюжет боюнча дагы экөө жөндөмдөрүн көрсөтө электиги айкын. Демек, тасманын авторлорунда анын кийинки бөлүктөрүндөгү сюжеттердин үстүндө иштөө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Тасманын уландысы анын популярдуулугунан жана биринчи бөлүгүнүн өзүн-өзү акташынан көз каранды болот. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, фильмди жаратууга 100 миң АКШ долларынан кем эмес каражат сарпталган. Анын бет ачаары болсо Кыргызстанда анимация тармагында адистер жок болгондугу үчүн бир жылга жылдырылган.