Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылы кыргызстандыктар алыстан туруп 318 миңден көп жолу онлайн же терминалдар аркылуу салык төлөшкөн.

Ушундай жол менен төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы 381 млн сомдон ашкан — бул 2018-жылы чогулган салыктардын жалпы санынын 0,5%. Өткөн жылы Салык кызматы «Кумтөр» ишканасынан алынган чегеримдерди эске албаганда 72,6 млрд сом салык чогулткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Анын айтымында, коомдун күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды киргизүү «коррупцияны жок кылууга жардам берет», ал эми өлкө жарандары «мамкызматтарды оңой ала алышат».