Антикытайлык митингдин катышуучусу эки айга камалды

Сокулук айылынын тургуну Гүлжамила Сапаралиева 23-январда камакка алынган. Мындай чечимди Биринчи май районунун тергөөчү судьясы кабыл алган. Сапаралиева тергөө изоляторунда 17-мартка чейин кармалат.

Сапаралиеванын камакка алынышы тууралуу митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакулов билдирди. Ал өзүнүн фейсбук барагында сот токтомунун сүрөтүн жарыялаган.

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай ШариповичкеКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы...

Posted by Amanbol Babakulov on Sunday, January 27, 2019

Бабакулов «24.kg» басылмасына билдиргендей, тергөөчүлөр андан Сапаралиева менен митингге чейин тааныш же тааныш эмес болгондугун сурашкан. «Чындыгында мен бул аялды митингге чейин эч качан көргөн эмесмин. Ошол күнү ал микрофонду жулуп алып, сүйлөшй баштаган», — деди Бабакулов.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, «Сапаралиеванын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча чакырыктар байкалат».

Антикытайлык митинг 17-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн. Ал массалык кармоолор жана акциянын катышуучуларын кууп таратуу менен аяктаган.

Митингчилер бийликтен кыргыз жарандыгын чет элдиктерге берүүгө мораторий киргизүүнү, Кытайдан алынган насыялардын чыгымдалышын текшерүүнү, андан тышкары, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндөрдү чыгарууну талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы антикытайлык митингдер маанилүүбү? Саясат таануучулар жооп беришет