Ош шаарынын Батыш базары. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

«Интербилим» эл аралык борборунун Ош филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева Ош мэриясынын кызматкери Эшмурат Аматовду 25-январда сотко берди. Ага Батыш базарындагы соода күркөлөрүн сүрдүрүү маселесинде укук коргоочунун дарегине айтылган сөздөр себеп болгон.

Контекст: 2018-жылдын аягында Ош шаарынын бийлиги 200гө жакын соодагери бар Батыш базарынын ордуна аллея куруу чечимин чыгарган. Ага ылайык муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан соода күркөлөрү 2019-жылдын январь-февраль айы ичи алынып, Кулатов кичи районунун тургундары үчүн гүлбакча салынмак.

Андагы соодагерлер банктан насыя алып иштеп жүрүшкөнүн жүйө кылып, бир нече жолу акцияга чыгып, базарды жоюуну убактылуу токтотуп турууну өтүнүшкөн. Бирок ага карабастан, мэрия аллея курулчу жайды күркөлөрдөн бошотууну уланткан.

Эмне болду?

Гүлгакы Мамасалиева «Клоопко» билдиргендей, мэриянын кызматкери менен болгон диалог 22-январда орун алган. Анын айтымында пикир келишпестик Батыш базарындагы соода күркөлөрүн сүрдүрүү маселесинен улам чыккан.

«Эшмурат Аматов бизди [мени] силер дайыма чыр-чатак болгон жерде чыга каласыңар, ал үчүн кызмат акы аласыңар деп күнөөлөдү. Анын айтымына караганда, биз жабырлануучулардан акча алып, алардын кызыкчылыгын коргоп жатыптырбыз. Эмне үчүн ал шаарды оңдоп-түзөө боюнча кампанияны, соода күркөлөрүнүн алынышын чырлуу маселе деп эсептейт?» — деди Мамасалиева.

Анын ою боюнча, Аматов бул сөздөрү менен укук коргоочунун жана «Интербилимдин» калаа тургундарынын кызыкчылыгын акысыз коргоп келгенине доо келтирип жатат. Бул үчүн ал сот аркылуу Аматовдон 65 миң сом моралдык компенсация талап кылып жатканын билдирди.

«Соода күркөлөрүн сүрдүрүүнү убактылуу токтотуу боюнча [райондор аралык] соттун чечими чыккан [...] Бирок тилекке каршы булар соттун аныктамасы туурасындагы мыйзамды бузуп жатат», — деди ал.

Ал эми Ош мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Эшмурат Аматов укук коргоочу анын үстүнөн арыз жазганынан кабары жоктугун «Клоопко» айтты. Ал шаардык сот тарабынан расмий кабар ала элек.

«Мага сот процессине чакыруу кагазы келген эмес. Эмне себептен улам сотко бергени туурасында да маалыматым жок», — деген кызматкер эгерде Мамасалиева аны сотко бергендиги тууралуу расмий кагаз келсе соттошууга даярдыгын билдирди.

Аматов, азырынча укук коргоочунун ага карата тагып жаткан айыбын соттон расмий билдирүү келмейинче комментарий бере албастыгын кошумчалады.

Ош облустук сотунан «Клоопко» арыздар 14 күндүк ичинде каралып, сот отуруму белгиленээрин кабарлашты. 

Сот аныктамасы

Батыш базарынын соодагерлери райондор аралык сотко мэриянын аллея куруу боюнча токтомун жокко чыгаруу арызы менен кайрылышкан. Сот 2019-жылдын 18-январында соодагерлердин доосу каралып бүткөнчө мэриянын токтому аткарылбай турсун деп аныктама чыгарган.

«Бул аныктамага Ош шаардык мэриясы макул болбой, облустук сотко даттанып, учурда бул маселе каралууда», — деди Ош облусттук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Мэриянын жүйөсү

Ош мэриясынан январдын башында «Клооптун» журналистине Батыш базарындагы соода күркөлөрү аллея курулушунан улам сүрдүрүлөөрүн билдиришкен. Укук коргоочу менен мэриянын кызматкери ортосунда пикир келишпестик орун алган күнү, 22-январда, шаар бийлиги башка себепти айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кулатов кичи районундагы Барсбек баатыр эстелигинен баштап, Батыш Базарынан ары 1 километр аралыкта жайгашкан жеңил конструкциядагы соода күркөлөрү «Ошгаздын» талабы боюнча алынып жатат.

«Кулатов кичи районундагы Б. Осмонов көчөсү аркылуу жер астынан газ түтүкчөлөрү өтөт. Коопсуздук эрежелери боюнча аталган газ түтүкчөлөрүнүн эки тарабынан 4 метрге чейин коргоо зонасы деп эсептелет», — деп айтылат мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Облустук соттон билдиришкендей, соодагерлердин Батыш базарындагы соода күркөлөрүнүн «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Ошгаз» филиалынын талабы боюнча алынышына нааразычылыктары болсо, сотко кайрылуулары керек.

Маалымат саат 18:00дө жаңыртылды

Тексттин авторлору: Ыманбек Нурдинов, Элнуру Калбаева

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

ТЕМА БОЮНЧА: