Процесс пошел))

Posted by Dmitry DiuShenbiev on Monday, January 28, 2019

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников 30-январь күнү Октябрь райондук сотуна барышы керектиги тууралуу билдирди.

2018-жылы 27-декабрда парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мурдагы төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров жана УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана ага таандык «Апрель» телеканалынын үстүнөн 18 млн сомдук доо коюп, сотко берген.

Атамбаев 2018-жылы 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда Келдибековду коррупция боюнча айыптаган.

«Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп мультимиллионер болушкан ошол эле Келдибековдор менен Түлеевдер “Атамбаевди камаш керек” деп кыйкырып жатышпайбы. Кимди камаш керек? Мамлекеттен уурдап миллионер болгондордубу же өз эмгеги менен ата-бабаларынын жеринде үй кургандардыбы?» — деп айткан экс-президент.