Kaktus.Mediaнын журналисти Токмоктогу атышуу боюнча материалдын айынан суракка чакырылды

«Токмок-Автожол» көзөмөл өткөрмө жайы. Сүрөт: КТРК

Редакциянын журналисти Марат Уралиевди Токмок ИИБдин милиция бөлүмүнө 28-январь күнү кечинде чакырышкан. Эртеси милиционерлер журналистти суракка алуунун зарылдыгы жоктугун билдиришкен.

Материал жаңыртылып турат.

29-январдагы пресс-конференцияда Чүй облусунун ИИББ кызматкерлери Уралиевди суракка алуу зарыл эмес деп билдиришти.

Уралиев 26-январда жүк ташып жеткирүүлөрдү көзөмөлгө алууга аракеттенген аткезчилердин ортосундагы ок атышуу тууралуу макала жазган. Жаңжалдын натыйжасында бир адам жарадар болгон.

Басылма билдиргендей, ок атышууну уюштурган адамдар Токмок парламентинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев менен байланышы бар болушу мүмкүн.

Ошол эле күнү Чүй ШИИБнен маалымдашкандай, «Токмок-Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде эч кандай жаңжал болгон эмес. Чек ара кызматы да ушул версияны айтууда.

Ал эми депутат Самаев кийинчерээк билдиргендей, анын көзөмөл өткөрмө жайда болгон жаңжалга эч кандай тиешеси жок.

Анткени менен 27-январда жабыр тарткандардын бири президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жаздырып, өзүн Урмат Самаев жана анын кишилеринен коргоону суранган.

«Мен эми ооруканага жана милицияга кайрыла албайм, анткени парламенттин депутаты Самаев баарын көзөмөлдөп турат. Арыз менен кайрылсаң да ал иштер жабылып турат, биз мындайди көп жолу көргөнбүз», — деп жабырлануучунун айткандарын билдирди Kaktus.Media.

Материалды жарыялоо учурунда «Клооптун» журналисти Самаевдин пикирин алуу үчүн байланыша алган жок.