Коррупция жөнүндө билдирип, млн сомго чейин сый акы ал (эгер кылмыш фактысы далилденсе)

Иллюстративдүү сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзамга ылайык, коррупция жөнүндө билдирген адам мамлекеттик коргоодон тышкары, 1 млн сомго чейин сый акы алышы мүмкүн.

Президент 29-январда кол койгон мыйзам долбооруна ылайык, мамлекет коррупция жөнүндө билдирген адамга жеке кароол, жашыруундуулук, документтерин алмаштырып же келбетин өзгөртүп берүү каралган.

Ошондой эле, коррупция фактысы жөнүндө айтып берген адам коррупциялык схеманын бетин ачуудан улам мамлекетке кайтарылган сумманын үчтөн бир бөлүгүн ала алат. Сый акынын мкксималдуу өлчөмү — 1 млн сом.

Бийлик бул мыйзам менен кыргызстандыктарды ушул сыяктуу кылмыштар тууралуу билдирип турууга кызыктырууга аракеттенүүдө.

Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы эле демилгелешкени менен ал катуу сынга алынган. Мисалы, депутат Каныбек Иманалиев мыйзам акчаны опузалап алуу ыкмасы болуп калат деп эсептеген. Анын айтымында, арыздануучу соттун чечимин күтүп, мамлекеттен билдирүүсү үчүн компенсация алып отурганча аткаминерди антикоррупциялык кызматка арызданам деп коркутуп, андан акча опузалап алуу жеңил болот.

«Эгер ага акча бербейбиз дешсе, анда ал [Коррупция тууралуу билдирген адам] бул катты көтөрүп алып прокуратурага барам деп айтат. Ага акчаны сот бүткөндөн кийин бир жылдан соң мамлекеттен алганча коррупционерден дароо алып алганы оң», — деп айткан Иманалиев.

2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорун четке кагып койгон, ошондон кийин аны кайра иштеп чыгууга жөнөтүшкөн. Баштапкы версиясында бул мыйзам мамкызматкерлерге гана тийиштүү болгон жана сый акынын максималдуу өлчөмү 100 миң сомду түзгөн.