Самат Ашимов орто мектеби. Сүрөт: «Калыс Медиа»

Ош облустук балдар ооруканасына 29-январда төртүнчү класстын 18 окуучусу жана мугалими жеткирилген. Алардын айрымдары кусуп, баштары айланганын айтышкан — бейтаптар толук күйбөй калган көмүр жытына ууланганы божомолдонууда.

Окуя Алай районундагы Самат Ашимов орто мектебинде орун алган. Маалыматка ылайык, сабак учурунда класстагы балдардын тең жарымы жана мугалим өздөрүн начар сезген. Алгач облустук ооруканага 12 окуучу жана мугалим түшүп, андан кийин дагы алты бала жеткирилген.

«Окуучулар кусуп, башы ооруп, алсыз болуп келишти. Биринчи жардамды көрсөткөндөн кийин 20-30 мүнөт өткөн соң бардыгы “тамак жейбиз” деп ойноп калышты. Абалы өтө оор балдар болгон жок», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координаторунун орун басары Адылбек Алимкулов.

Алимкулов ошол эле күнү класста калган башка окуучулар да текшерүүгө алынганын жана алардын өмүрүнө коркунуч жоктугун айтты. Ал эми ооруканага жеткирилген 18 окуучу жана мугалим дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эртеси күнү, 30-январда үйлөрүнө чыгарылган.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «көмүр исине ууланган» окуучулардын окуясы иликтөөгө алынганын кабарлады.

«Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өрт коопсуздук кызматы жана экосанитардык инспекциядан турган комиссия текшерүү ишин жүргүзүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда тиешелүүлөргө кандай чара көрүлөөрү айтылат», — деди Аширбаев.

Милициядан комиссиянын корутундусу качан чыгаарын так айта алышкан жок.

Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылындагы Самат Ашимов атындагы орто мектеп 1973-жылы малкана болуп курулган имаратта жайгашкан. Мектепте жалпы жылуулук системасы жок болгондуктан класстар мешке от жагуу аркылуу жылытылат.

ӨКМ аталган мектепти «авариялык абалда» деп 2008-жылы корутунду чыгарган. Жергиликтүү активист Медетбек Макеновдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жаңы мектептин курулушуна 45 миллион сомдук долбоор түзүлүп, 2015-жылы үч млн сому бөлүнгөн. Активисттин айтымында, жаңы имараттын пайдубалы казылган боюнча иш жылбай турат. 

Редактору: Гүлжан Эшбаева