Антикытайлык митингдин уюштуруучусуна 3 миң сом айып пул салынды

Аманбол Бабакулов 17-январдагы митингде микрофон менен. Сүрөт: Бексултан Абубакир / «Азаттык»

Аманбол Бабакулов «митинг өткөрүү убагында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн» 3 миң сом төлөйт. Бабакул бул чечим менен макул эмес жана айып пул боюнча сотко даттанат.

Бабакулов штраф тууралуу 29-январда билдирди. Штраф салуу боюнча чечимди Биринчи май райондук милициясы чыгарган.

«Мен эч нерсе бузган эмесмин. Түшкү саат бирде митинг аяктады деп жарыяладым, мен жактан тартип бузуу болгон эмес», — деп «Азаттыкка» билдирген.

Аманбол Бабакулов — 17-январда Бишкекте өткөн антикытайлык митингдин уюштуруучуларынын бири. Ала-Тоо аянтында өткөн каршылык акциясына 200-300гө чукул адам чогулган.

Митингчилер бийликтен кыргыз жарандыгын чет элдиктерге берүүгө мораторий киргизүүнү, Кытайдан алынган насыялардын чыгымдалышын текшерүүнү, андан тышкары, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндөрдү чыгарууну талап кылышкан.

Митинг массалык кармоолор жана акциянын катышуучуларын кууп таратуу менен аяктаган. Милиция 21 митингчини кармаган. Бир нече күндөн кийин митингдин катышуучуларынын бири улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча шектелип, эки айга камакка алынган.