Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Баткен шаарында 29-январдан тарта «Саламат Баткен» гемодиализ борбору иштеп баштады. Эми бөйрөк өнөкөтүнөн улам Ош жана Бишкекте жашоого аргасыз болгон бейтаптар кичи мекенинде гемодиализ ала алышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» билдиргендей, беш гемодиализ аппараты коюлган борбор аптасына 60 бейтапты кабыл алууга даяр.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда катталган адамдар гемодиализди акысыз ала алат. Бирок берилген тамак-аш, медициналык кызматкерлердин көрсөткөн кызмат акысы үчүн бейтап өз чөнтөгүнөн төлөйт.

«Бир жолку дарылануунун акысы 5 250 сом турса, анын 550 сомун гана бейтап өзү төлөйт, калганын өкмөт каржылайт. Ар бир бейтап өзүнчө сеанс менен келет — бири күн ара, айрымдары аптасына бир жолу», — деди облус боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Арзыбек Бөрүбаев.

Камсыздандыруу фондунда катталбаган бейтаптар бардык чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөшөт.

Маалыматка ылайык, гемодиализ борбору кыргыз-түрк ишкерлерлери тарабынан каржыланып курулган. Ал шаардын борбордук Мурат Салихов көчөсүндө жайгашкан.

Бир ай мурда облустун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында алты аппараты бар гемодиализ борбору ачылган. Ал дагы ушундай эле шартта иштеп келет. Баткен облусу боюнча «өнөкөт бөйрөк оорусу» менен 36 тургун каттоого алынган.

Редактору: Гүлжан Эшбаева