Милиционер зордуктоого шектелип кармалды

Иллюстративдүү сүрөт. Freepik

Чүй облусунун Новопокровка айылында кыз зордуктоо иши боюнча милициянын старшинасы кармалып, изоляторго камалды. Бул бир ай ичинде милиция кызматкери кылмыш иши боюнча шектелген үчүнчү учур.

Чүй ШИИБнин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, 27-январда милицияга 27 жаштагы бишкектик кыз зордуктоого кабылгандыгы туурасында арызы менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү аны бир нече адам Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналдын (ЧЧК) жанында зордукташкан.

Шектүүнүн бири 36 жаштагы Бишкектин Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы болуп чыкты. Ал убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Андан тышкары, милиция кылмышка шектүүлөрдүн башкаларын да издеп жатат.

Учурда «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул учур январь айындагы милиционерлердин катышы бар болгон үчүнчү окуя. Анын эки учуру адам өлүмү менен аяктаган.

21-январда Бишкекте мас абалындагы милиция кызматкери жол кырсыгына кабылып, натыйжада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Мээрман Асанканова каза тапкан. 29-январда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын старшинасы Новопавловкадагы мектептин жанында окуучуну сүзүп кеткен.