Өкмөткө ОСАГОсу жок айдоочуларды августка чейин айыпка жыкпоо сунушталды

Мамфинкөзөмөл айдоочулар ОСАГО полисин сатып алууга үлгүрүшү үчүн алты айлык өткөөл мезгил киргизүүнү сунуштады. Эгер өкмөт сунушту кабыл ала турган болсо, анда жол инспекторлору айдоочулардан камсыздандыруу полисин 7-августка чейин талап кылышпайт — бирок бул машиналары Кыргызстанда катталган айдоочуларга гана тиешелүү.

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги (ОСАГО) жөнүндө мыйзам Кыргызстанда 7-февралда күчүнө кирет.

Мамфинкөзөмөлдүн аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, өткөөл мезгилин киргизүү практикасы мындай системаны кабыл алган өлкөлөр үчүн кадимки эле нерсе. Мисалы, Беларуста өткөөл мезгил 8 айды түзгөн.

«Учурда биз жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизип атабыз. Азыр ЖКККББнын кызматкери айдоочудан бир катар документтерди сурай алат: айдоочулук күбөлүк, техпаспорт жана ОСАГО камсыздандыруу полиси», — деп түшүндүрдү Байбосунов.

Аткаминер ОСАГО жөнүндө мыйзам 7-февралда күчүнө кирээрин, бирок эгер өкмөт Мамфинкөзөмөлдүн сунушун кабыл ала турган болсо ЖКККББ айдоочудан камсыздандыруу полисин сураганга укугу жок болоорун белгиледи. Алар муну 7-агусттан тарта гана талап кыла алышат — бул убакытка чейин айдоочулар унааларын камсыздандырууга үлгүрүп калышы керек.

«Бирок машиналары Кыргызстанда катталбаган айдоочуларга бул тиешелүү болбой калат. [...] Бизде орус жана казак номерлери тагылып жүргөн машиналар көп, бирок алардын ээлери кыргыздар. Мына ошолорду ЖКККББнын кызматкерлери ОСАГО полисинин бар-жогуна текшере алышат», — деди Байбосунов.

Анын айтымында, Кыргызстанга өз машинасы менен кирген ар бир чет элдик жаран камсыздандыруу полисин чек арадан 15 күнгө, бир айга же биротоло бир жылга сатып ала алышат.

Байбосунов айрым камсыздандыруу компаниялары көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кеңселерди ача башташканын түшүндүрдү. Алар азырынча ОСАГО полисин сатууга лицензия алыша элек. Байбосуновдун айтымында, премьер-министр керектүү нормативдик документтерге кол коюшу керек, ошондон кийин гана Мамфинкөзөмөл бир нече күндүн ичинде лицензияларда бере алат.

«7-февралга бардыгы даяр болот. Кеңселер ачылды, кызматкерлер табылды жана окуудан өтүштү. Азыр бардык кормативдик документтер өкмөт башчыда кол коюу кезегинде жатат. Ошондон кийин камсыздандыруу компаниялары Мамфинкөзөмөлдөн лицензия ала алышат — бул бир нече күндү талап кылат», — деди Байбосунов.

ОСАГО полиси жол кырсыгында жабыркаган тарап чыгымдар менен алган жаракаты үчүн компенсация алышы үчүн керек. Айдоочу жол кырсыгына канчалык көп кабылса, ошончолук камсыздандыруу төлөмдөрү кымбатка туруп калат.

ОСАГОнун жылдык орточо баасы автоунаанын түрү жана айдоо тажрыйбасына жараша 1,6 миң сомдон 6,5 миң сомго чейин болот. Камсыздандыруунун баасын камсыздандыруу компаниясы аныктайт.

Жаңы мыйзам боюнча, ОСАГО полисинин бар болуусу шарт, антпесе автоунаа ээсине айып пул салынышы мүмкүн. Жеке адамдарга салынуучу айып пул 3000 сомду түзөт, ал эми юридикалык жактарга — 13 миң сом.