«Токмок-Автожол» өткөрмө жайындагы атышуу. Чатакташкан тараптар бири-бирине ок атышканын моюнга алышты

Иллюстративдүү сүрөт. maxpixel

«Токмок-Автожол» өткөрмө жайындагы ок атышуунун катышуучулары Дастан Бейшенкулов жана Аскат Үсөнов бири-бирине ок чыгарышкандарын моюнга алышты. Соттун чечими менен алар тергөө изоляторуна киргизилди.

Үсөнов менен Бейшенкулов 31-январда тергөө изоляторуна киргизилген. Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, алар «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин алдында атышууга катышышканын моюнга алышкан.

Атышуу 25-январда болгонун биринчилерден болуп «Кактус» басылмасы жазып чыккан. Журналисттер окуяга төрт аткезчи катышкандыгын маалымдашкан. Бирок башында атышуу фактысын чек ара кызматы да, Чүй ОИИБи да моюнга алган эмес.

Милиция ок атышуу боюнча пикирин канчайча өзгөрттү?

29-январда Чүй ОИИБи «Токмок-Автожол» өткөрмө жайындагы ок атышуу чын эле болгонун моюнга алган — бул тууралуу ведомствонун башчысы Самат Курманкулов маалымдаган.

Курманкуловдун айтымында, милиция бул окуяны иликтеген эмес жана комментарий да берген эмес, себеби чатакташкандар биринчи сурак учурунда «бири-бирине доомат коюудан жана медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тартышкан».

«Жабырлануучу менен арыз ээсинин жоктугунан тергөө иштерин өткөрө алган жокпуз», — деп түшүндүрдү ал атышуу чын эле «аткезчилик менен байланыштуу» экенин жана «бул иш боюнча көптөгөн жагдайларды» жакынкы убакта айтаарын кошумчалап.

Милиция ок атышуу боюнча пикирин араздашкан тараптын бири Аскат Үсөнов окуяга Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев жана анын тууганы Урмат Самаевдин да тиешеси бар экенин «Кактуска» айтып бергенден кийин өзгөрттү.

28-январда Үсөнов президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жаздырган. Кайрылууда өлкө башчысын аны «депутат Самаевден коргоону жана жардам берүүнү» суранган.

Самаев 26-январда эле «Токмок-Автожол» өткөрмө жайындагы окуяга «эч кандай тиешеси жок» экенин билдирген.