Ала-Бука районундагы чатырда билим алган окуучулар. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Ала-Бука районунун №20 Ажек орто мектебинин 120 окуучусу 14-январдан тарта 31-январга чейин чатырда окуган. Аталган мектептин имараты мындан үч жыл мурда эле «пайдаланууга жараксыз» деп табылган. Билим берүү министрлигинен (ББМ) 1-февраль күнү класстар маданият үйүнүн имаратына көчүрүлгөнүн маалымдашты.

Эмне болду?

31-январда жалпыга маалымдоо каражаттары Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы №20 Ажек орто мектебинин окуучулары чатырда билим алып жатышканын жазып чыгышкан.

1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев окуучулар 14-январда үч чатырга көчүрүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, буга мектептин «авариялык абалда» болгону себеп.

«Чатырлардын астына линолеум салынып, эшик орнотулуп, меш коюлган, ичи жылуу болчу. [Чатырдын] үстүнөн нааразычылык түшкөн эмес [...] Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин деле талабы ушул. Өтө зарыл болгон учурларда чатырларды пайдаланып турушубуз керек», — деди ал «Клооптун» журналистине курган маегинде.

Анын айтымында, ӨКМ 2016-жылы мектепти «пайдаланууга жараксыз» деп тапкан. Ага карабастан окуучулар кооптуу делген имаратта билим алышкан.

Мектепте жалпы 500дөн ашуун окуучу бар. Алардын ичинен 120сы чатырда билим алып келген, калган балдар авариялык абалдагы мектеп имаратында окушкан.

«Мектеп авариялык абалда болгондугу үчүн да чатырларды жыйнаштырбай турабыз. Имараттын абалына күн сайын байкоо жүргүзөбүз. Тез арада мектеп курбасак, акыбал оорлошуп калышы мүмкүн», — деди Шербаев.

Маданият үйүнө көчүрүлгөн класстар

Журналисттер Ала-Букадагы чатырда окуган мектеп окуучулары тууралуу жазып чыгышкандан эртеси, 1-февралда, Билим берүү министрлиги класстар маданият үйүнө көчүрүлгөнүн маалымдады. Ал эми чатырлар, мугалимдердин усулканасы менен кошумча ийримдер өтүлчү жай болуп өзгөртүлгөн.

Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаеванын айтымында, №20 Ажек орто мектеби 1959-жылы ашар жолу менен салынып, аны курууда сейсмологиялык туруктуулугу эске алынган эмес.

«Жаз келиши менен мектептин жабылган корпусун бузуу жолу каралууда. Себеби ал корпус өтө кооптуу абалда. Учурда окуучулар билим алып жаткан корпус берки корпуска салыштырмалуу коопсузураак», — деди ал.

ББМдин маалымат кызматынан Ажек айылындагы жаңы мектептин курулушун Мамлекеттик архитектура, курулуш жана жатак-коммуналдык чарба агенттигине 2019-жылдын тизмесине киргизүү сунушталганын билдиришти.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, район боюнча «пайдаланууга жараксыз» делген тогуз мектеп бар.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы