Элвира Сурабалдиева «Азаттык» радиосундагы «Бийлик сырлары» программасынын эфиринде кантип 2005-жылы атасынын бизнесине саясатчы Темир Сариев ээлик кылууга аракеттенгенин айтып берди. Экс-премьер-министрдин айтымында, бул «бирөөнүн буйругу» жана Сурабалдиева баарын «оюнан токуп» жатат. Бирок, депутат күбөлөрдү таап берүүгө даяр.

КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева «Бийлик сырлары» программасынын эфиринде үй-бүлөсүнүн бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгондон кийин 2005-жылы депутат Темир Сариев тараптан бизнести тартып алуу аракети демилгеленген.

Депутат айымдын рейдерлик теманы көтөрүп чыгуусу биринчи жолу эмес. Ал бул тууралуу буга чейин эле үн катып, соцтармактардан да жазып келген. Бирок бул интервьюда ал Сариевдин ысымын биринчи жолу атады.

«Ал “сыйың менен бербесең мен баары бир тартып алам, мен парламент депутатымын, а сен эч кимсиң” деди. Бул менин жердешим жана белгилүү саясатчы — Темир Сариев. Ал чакан ишкананы тартып алам деп коркуткан. Бул тууралуу бүткүл Сокулук району билет, — деп билдирген эл өкүлү.

Сариев Сурабалдиеванын айыткандарын четке кагууда. Ал депутат «бирөөнүн буйругун аткарып жатат» деп көшөрүүдө.

«Ал убакта мен бизнес маселелери менен эмес, саясат менен алек болчумун. Сурабалдиева мени кайсы бир адамдарды коркуткан жана ага бирөөлөрдү жиберген деп жатат. Бул толугу менен калп. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум», — деп билдирген Сариев.

Экс-премьер эл өкүлүнүн атасы тууралуу да комментарий берген.

«Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата шайлоочулардан бир топ даттануулар келчү. Сокулуктагылардын көпчүлүгү билет бул жөнүндө. Мен азыр деле ал [атасы] тууралуу кызына жана алардын бизнеси кандай ыкма менен түптөлгөнү жөнүндө эч нерсе айтпайт элем, бирок анын [Сурабалдиеванын] жалаасы мени муну айтканга аргасыз кылууда», — деп жазган ал фэйсбукта.

Обвинения депутата Э.Сурабалдиевой, которые якобы имели место много лет назад, мягко говоря, сильно удивили меня. Могу...

Posted by Темир Сариев on Thursday, January 31, 2019

Сурабалдиева интвервьюдагы айткандарын сот тартибинде далилдегенге жана Сариев менен чогуу калп тапкыч детекторунан өткөнгө даяр экенин билдирген.

Сурабалдиева интервьюда эмнени айтып берген?

Өмүрүнө кол салуу тууралуу

2005-жылдын 24-мартында, революция болгон күнү, ата-энемдин үйүндө болчумун. Ошондо жашоомо кол салууну баштан өткөргөм. Үйгө автомат менен куралданган кишилер келишкен — алар морадёрлор эмес, алар бийликтен келген кишилер эле. Үйдө жакындарымдан эч ким жок болчу, жалгыз элем. Алар күч менен кирип келишип мени сабашкан. Алар мени сүйрөп чыгарышып, «Ал каякта?» деп сурашкан.

Алар менин атамды издеп келишкен эле. Ошондуктан эгер атам үйдө болгон болсо алар аны өлтүрүп, «Народныйдын» алды жагына ыргытып, бизди морадёр деп көрсөтүшмөк.

Бийликти басып алуу башталганда атам нес болгон, ага Акаев качып кетти деп чала башташканда анын гипертониялык илдети кармаган. Мага кол сала башташканда ал үйдө эмес эле, аны ооруканага жеткиришкен болчу. Атам мага кол салып атышканын билген эмес. Мени короого сүйрөп чыгышканда, мародёрлор өмүрүмдү сактап калышкан. Топураган үндү укканда биздикине кирип келген адамдар мени таштап кетишти. Эс учумду жоготуп, кан жаян болуп жатып калгам, дарбазалар ачык бойдон калган. Кечинде эжем келгенде мен короодо жаткан болчумун.

Милицияга чалып ала албай койдук, бир нече күндөн кийин Биринчи май РИИБне барсам «Эмне үчүн дароо келбедиңер?» дешип, арызымды алуудан баш тартышты. Мени көргөн атам [кылмышкерлерди] табам деп айтты, бирок эки айдан соң өзү да дүйнөдөн өтүп кетти.

Атасын өлтүрүшкөндүгү тууралуу

Мен үчүн [атамды өлтүрүүгө буйрук кылгандар] Бакиевдер экени айкын. Анын өлүмүнөн бир аз убакыт мурда Кыргызстанга Бермет Акаева жашыруун келген жана атам ал менен жолуккандан корккон эмес. Бийликти колдон чыгарып алуу коркунучу алардын [Бакиевдердин] кадамдарына [Сурабалдиевдин өлтүрүүсүнө] түрткү болду окшойт.

Атамды 2005-жылы 10-июнда өлтүрүп кетишти. Мен иним менен чет өлкөдө болчумун, сөөк коюлаар күнү келгенбиз. Ошол эле күнү кызматкерлер атамдын өлгөн күнү «Кудайберген» базарына жана башка объекттерге фиксалдык органдардын текшерүүчүлөрү келишкенин айтышты — бир эле убакта дээрлик 40тай киши. Ошондой эле атамдын жердеши компанияны тартып алууга аракет кылганын айтышты, ошентип мен 13-июлда парламентке, анын алдына бардым.

Темир Сариев жөнүндө

Темир Сариев. Саясатчынын соцтармактардагы жеке барагынан алынган сүрөтү.

Ал «Сыйың менен бербесең баары бир тартып алам. Мен парламенттин депутатымын, а сен эч кимсиң» деп айтты. Бул менин жердешим жана белгилүү саясатчы. Ал Темир Сариев. Ушул чакан ишкананы тартып алам деп коркуткан. Бул жөнүндө бүткүл Сокулук району билет. Мен үчүн бул эки эселеп оор болду. Ал жөн гана жердеш эмес болчу. Ал атам менен кошо талапкерлигин көрсөткөндө, атам ага жардам берген эле.

Анын жөнөткөн спортчулары биздин кызматкерлерди токмоктошкон. Мен компаниянын эркектерин чогултуп, 150гө чукул адамды, компанияны жойгону атканымды, анткени депутат менен теңтайлаша албасымды айттым. Аксакалдар бир апта сурашып, аны менен өздөрү чечише тургандарын айтышты. Мен ал учурда басма сөз жыйынын куруп, Темир Сариев үйүбүзгө келип, аны туура эмес түшүнүп алышканын айтып, бул теманы мындан ары талкуулабоону суранды.

Бакиевдердин опуза-талабы жөнүндө

Бакиевдин инаугурациясынын алдында мен анын кабыл алуусуна түшүп калдым. Ал Куловдун 6-кабаттагы кабинетинде отурган, атамдын каза тапканына бир ай болгон эле. Бизден мынча миллион опузалап жатышат жана Бакиевдин алдында белгиленип турууну талап кылышууда деп айтып бердим. Бизде Кудайбергенде толтура адамдар бар, алар бизди тытып жатышат, [атамдын] кыркы өткүчөктү күтүп турсаңар болбойт беле? Бизден силерге эмне керек? деп айткам.

«Мага сизден эч нерсе кереги жок», — деди ал. Сиздин атаңыздан мынча миллион опуза-талап кылып жатышат деп туруп, көз алдымча республикалык салык кызматына чалып, Кудайбергенде текшерүү иши жүрүп жатабы деп сурады. Жок. Башкага чалды — жок. Ал телефонго тилденип, текшерүү менен келген адамдын фамилиясын сурап жатат. Андан кийин тигиге — «Бир сааттын кийин менде болуп калсын» деди. Мен Ак үйдөн чыккандан кийин өзүмдүкүлөргө чалсам алар мага — «Эмне болгонун билбейбиз, бирок баары жоголуп кетишти, эч ким жок» деп айтышты.

Мен Бакиевге биз салык төлөгөндүктөн алар сураган сумманы төлөй албайбыз деп айттым. Ай сайын сиздин кишиңиз келип турсун, мен салык төлөгөндүн ордуна ал акчаларды сизге берип турам дедим. Ал эч нерсе керек эмес, барып иштей бериңиз деди. Азыр ойлонсом, коркуу сезимин кыйынчылык жеңилдеткен экен.

Максим Бакиев жөнүндө

Максим Бакиев. Сүрөт: Рейтер

Мен Ишкерлер союзунун президентинин милдетин аткарып жаткам, мага чалып эле «Сизди Максим издеп атат» деп калышты. Жолуккум келген эмес, үйгө баратсам МАИчилер (ал учурда Мамлекеттик авто инспекция) токтотуп калышты. Эки жолтандабас келип токтоп, спорт денелүү балдар чыгышты. Эшигимди ачышып, айдоочум менен күзөтчүмө УКМКнын күбөлүгүн көрсөтүшүп, өз унааларына отургузуп алып Максимдин кеңсенине алып келишти.

Кабылдамада Дүйнөлүк банктын өкүлү отурган экен. Анын таң калып караганы эсимде. Ал кирип кетип кайра чыкты, андан кийин мен кирдим. Максим парламентти уруша баштады «Мен аны өзүмө каратып алам» деп. Андан кийин «Элвира, сен жаш кызсың да, авто бизнес — бул эркектердин иши, аны башкара албайсың» деди. Мен ага «сиз мени кечириңиз, бирок атам мурас кагазын таштаган эмес жана бизди алты айдан бери мамлекет кайтарып жатат, 2006-жылдын январына чейин бир нерсе жөнүндө ооз ачуу эрте» деп айттым.

Мен бул оңтойсуз абал экенин түшүнүп, «Сатып алгыңар келеби?» «Канча сунуштагыңар келип атат?» деп сурадым. Ал «Биз шайлоого көп чыгым болдук. Миллион. Сом» деди. Ал ушунчалык жаш болчу, ортобузда бир нече эле жаш айырма, бирок ал ушунчалык менменсинген адам болчу. Андан кийин бизди чоң авто базарыбызды базар баасынан кыйла арзан баада сата тургандай абалга такап коюшту.

Атамбаев жөнүндө

Мен Атамбаевдин аркасы менен саясатка келдим жана азыр «жатканды тепкилебейм». Анын бетине эле айланада болуп жаткандарды башкарып турган арты чуулуу адамдар Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов жөнүндө бардыгын айткам. Мен акырына чейин экс-президент алардын кылгандарын билбей жүрөт деп ойлогом.

Ал баарын чакырган эле. Жарымы келбей калып, ал келбей калгандар чыккынчылар деп айтты. Мен пикиримди билдире баштасам ал мага — «Сен билесиңби, Бакиевдер сенин атаңды өлтүрүшкөндөй эле Жээнбековдор дагы сени менен ошондой кылышы мүмкүн» деп айтты.

Мен ыйлап баштадым да, — «Эмнеге аларды [социал-демократтарды] чыккынчылардай көрөсүз? Сиз алардын баарын таарынттыңыз. Сиз өзүңүздү лидер деп эсептечү эмессиз, ал эми бул эки киши башкарышып, басым жасашкан» деп айтып киргем. Ал кайра Иса Өмүркуловдон сурады. Өмүркулов тастыктады. Фарид Ниязов артымда отурган эле. Эгерде мага керегиң жок деп айтышса мен жармашпайм. Менде ушундай бир жаңжал болгон болчу.

Социал-демократтар менен келишпестик жөнүндө

Кундуз Жолдубева, Алмазбек Атамбаев жана Ирина Карамушкина. Сүрөт: КСДП

Минсктен учуп келип, аэропорттон Ирина Карамушкина менен [Мурадыл] Мадеминовду кезиктирип калдым. Алар да Атамбаев менен кошо конференциядан кайтып келе жатышкан экен. Ал эми Минсктен 8 жылда бир да жолу Бакиевди кайтаруу аракети жүрбөгөнүн угуп калгам. Мен үчүн бул катуу стресс болду. Ошентип Ирина Юрьевнага айтчуну айтып алдым, экөөбүз кайым айтыша кетип, ал мени уят сөздөр мен кемсинтти. Андан кийин Кундуз Жолдубаева (КСДПнын басма сөз катчысы) келип, мен бир нерсе беришим керектигин айтып атпайбы, а мен аларга эч нерсе карыз эмесмин деп жооп узаттым.