Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстандын бюджетине 6 млрд сомго чукул акча түшпөй калган. Бюджеттик комитеттеги парламент депутаттары ага бюджеттик пландардын аткарылбагандыгы себеп деп түшүндүрүшүүдө.

Жээнбаева 4-февралда маалымдагандай, 2018-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 141,5 млрд сом деңгээлинде пландалып жаткан, бирок ал чындыгында 6 млрд сомго кем болгон — 135,4 млрд.

Бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттеги депутат Зиядин Жамалдинов казынага акчанын кем түшүшүнүн себебин айтып берди — 2018-жылы трансферт (1,9 млрд) жана Маммүлк фондусу (200 млн сом), андан тышкары салык (2,3 млрд сом) жана бажы (1,8 млрд сом) жыйымдары боюнча бюджеттик пландар аткарылган эмес.

Кыргызстандын бюджетинин 2018-жылга карата пландалган таңсыгы 20 млрд сомдон ашуун каражатты түзгөн.