Элтуйбасовду экстрадициялоо сурамы. ИИМ менен башкы прокуратура бири-бири менен талашууда

ИИМ менен башкы прокуратура АКШнын бийлиги Кыргызстандан Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишке байланышы бар делген Калыбек Элтуйбасовду экстрадициялоого сурам алып-албаганы тууралуу талашышууда. Талаштын маңызын айтып беребиз.

Материал саат 20:23тө жаңыртылды.

Кыскача

• 24-январда АКШда миграциондук мыйзамдарды бузгандыгы үчүн мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Калыбек Элтуйбасов кармалган. Элтуйбасов бишкектик Камила Дүйшөбаеваны өлтүрүү боюнча иштин фигуранты катары өтүүдө. Бул иштин бети 2014-жылдан бери ачылбай келет.

• ИИМ башкы прокуратура АКШнын бийлигине Элтуйбасовду экстрадициялоого расмий сурам жөнөткөн деп ырастоодо.

• Башкы прокуратура ИИМдин айткандарын четке кагууда. Ал жактан билдиришкендей, Элтуйбасовду экстрадициялоо тууралуу АКШнын бийлигине эч кандай сурам «жөнөтүлгөн эмес».

Кененирээк

ИИМ менен башкы прокуратуранын ортосундагы Калыбек Элтуйбасовду экстрадициялоо сурамы боюнча талаш 5-февралда болду.

Бардыгы ИИМдин басма сөз жыйынынан башталып кеткен. Жыйында ведомствонун министринин орун басары Мирлан Каниметов укук коргоо органдары АКШ бийлигинен Элтуйбасовду экстрадициялоону суранганын, ал эми расмий сурамды башкы прокуратура түзгөнүн билдирген.

«[Элтуйбасов] миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн камакка алынган. Текшерүүшүн жүрүшүндө ал Интерпол багыты боюнча издөөгө жарыялангандыгы аныкталган. Элтуйбасов тергөө аракеттерине жолтоо кылуу жана далил буюмдарды жок кылууга айыпталууда», — деп айткан Каниметов басма сөз жыйында.

Бирок ИИМдин башчысынын орун басарынын айткандарын башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан төгүнгө чыгарышты. Ал жактан ведомство экстрадиция боюнча АКШга сурам жөнөтө албастыгын, себеби мамлекеттердин ортосунда бул боюнча келишим жок экенин «Клооптун» кабарчысына билдиришти.

ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, ИИМдин башкы прокуратура менен болгон талашына карата позициясын «жакын арада» билдирүүнү убада кылган. Бирок бул маектешүүдөн кийин Аманкуловага байланышка чыгууга мүмкүн болгон жок.

Калыбек Элтуйбасов жана Дүйшөбаеваны өлтүрүү боюнча иш

Бишкектик Камила Дүйшөбаева 2014-жылы киши колдуу болгон. Аны моюн орогуч менен муунтуп, ал эми кыздын денеси шаардын чет жакасынан табылган. Тергөөчүлөр 400дөн ашуун адамды суракка алышкан, бирок өлтүрүүгө шектүүлөрдү азыркы убакка чейин табыша элек.

Суракка алынгандардын бирөөсү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасов болгон. Дүйшөбаева Салянова башкы прокурорлук кызматты аркалап турган учурда киши колдуу болгон.

Калыбек Элтуйбасов бул иш боюнча күбө катары өтүп жаткан, бирок кийинчерээк аны тергөөгө жолтоо кылууга айыптап, ага издөө жарыялашкан. Ал Кыргызстандан чыгып, АКШга кетип калган.

Элтуйбасов 24-январда АКШда кармалган — бул тууралуу ошол эле күнү Криминалдык милиция кызматынын начальниги маалымдаган.

Авторлошу: Рустам Халимов