Бишкек мэриясы мартта жол оңдоп-түзөө иштерин пландоодо. 4 миңге чукул бак кыйылышы мүмкүн

2017-жылы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюу

Бишкек мэриясынын баамында, оңдоп-түзөө иштери учурунда төрт миңге жакын бак-дарак кыйылышы мүмкүн — чоң бактар, көчөттөр. Мындан тышкары, алардын арасында бадалчалар менен дүмүрлөр да бар.

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, учурда бийлик жол оңдоо иштери канча бак-даракка кедергесин тийгизээрин эсептеп жатат.

«Бул чоң дарак да, көчөт да, бактын дүмүрү да же бадалча да болушу ыктымал. Бирок жыйынтыгында мунун баары бак-дарак деп эсептелет, ошентип анын саны көбөйүп кетип атат. Акыркы цифра марттын ортосуна даяр болот жана ал аз деле болуп калышы мүмкун», — деди ал.

Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев шаар жолдорунун реконструкциясы жолдордун кеңейиши менен арыктардын курулушун да камтыйт деп билдирген.

Азыгалиевдин айтымында, шаар бийлиги жол оңдоо иштерин мартта баштооону пландаштырууда.

«[Оңдоп-түзөө] арыктарды куруу менен жолду кеңейтүүнү билдирет. Бул жашыл дарак өсүмдүктөрүнүн сүрдүрүлүшүнө алып келет. Чындык ушундай. Эгер биз жолдор заманбап талаптарга жооп беришин кааласак, мындай кадамга барууга туура келет», — деп келтирет «24.kg» аткаминердин айткандарын.

Мэрия кийинки эки жыл ичинде жалпысынан Бишкектин 60 көчөсүн оңдоп-түзөөнү пландоодо. Алардын көбү совет доорунан бери оңдоло элек.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 2018-жылы жол оңдоо иштери үчүн мэрия 2,5 миңге чукул бак-даракты кыюуну пландап атканын билдирген.

Бишкектин тургундары бак-дарактардын кыйылышынан улам мэрияны кантип сынга алышкан?

Мэрия 2017-жылдын май айында жолду кеңейтүү максатында Токтоналиев көчөсүндө миңден ашуун бак-даракты кыюуну пландаган. Бирок жарандар наарызылык билдирип чыгышып, кыйыла турчу бактардын саны кыскартылган.

Активисттер 2017-жылдын сентябрында бак жок жерлерде имараттар менен жолдордун темепературасын салыштырып, тепловизор менен эксперимент өткөрүшкөн. Күн тийбеген жерлерде температура 20 градусту көрсөтүп турган болсо, имараттар менен жолдордо абанын температурасы +26 градус болуп ысыганын көрсөткөн.

Экологдор менен Бишкектин тургундары да бактардын тамырларын асфальтташып, брусчатка менен бастырып жатышканына арызданышкан. Анткени, бул дарактардын кургап, кулап кетүү коркунучу бар экенин, жок эле дегенде ошол асфальтталган жерди нымдуулук издеген тамыр бузуп салат деп эсептешет.

Кошумча Данияр Аманалиевдин Бишкектеги кара түтүн кырдаалы дагы курчуйт. Мындан ары кантип жашаш керек? деген темадагы колонкасын окуңуз.