Бишкек мэриясынын аткаминерлери 4 миң бак-даракты кыюу боюнча пландын айынан урушуп кетишти

Бишкек мэриясынын имараты. Сүрөт: Темир Сыдыкбеков / «Азаттык»

«Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкери Элнура Жолдошова менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиевдин ортосунда жаңжал чыкты.

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Жолдошова менен Азыгалиевдин ортосундагы чатак 4-февралда болгонун «АКИпресс» агенттигине курган маегинде билдирген.

Анын айтымында, Жолдошова Азыгалиевдин жолдорду оңдоодон улам төрт миң бак-дарак кыйылышы мүмкүндүгү тууралуу айткандарына каршы чыккан.

«Жолдошева Азыгалиевди көздөй папканы ыргытып жибергенде, ал өз кезегинде Жолдошеванын колун кармай калган. Элнура Жолдошева өзүмдү бакка байлап алам деп коркуткан», — деп Алмамбетованын айткандарын «АКИпресс» келтирди.

Жолдошова Азыгалиев экөө чатакташып кеткенин тастыктады, бирок ал жөнүндө кенен айтып берген жок.

«“Жашыл чарбанын” ишкери катары бак-дарактарды негизсиз кыюуга болбойт деп ойлойм. Мен буга толугу менен каршымын», — деди ал.

Араздашуунун экинчи катышуучусу Уланбек Азыгалиев бактарды жол оңдоо үчүн кыюу муктаждыгы өлкө «эл аралык талаптарды» аткарышы керектигинен улам жаралганын билдирди.

«Бак-дарактар кыйыла турган болду. Кааласак да, каалабасак да — биз ушуну кылышыбыз керек. Ал эми Жолдошова “кыюуга жол бербейм” деп жатат. Ар бир бактын алдына туруп алып кыйдырбайм деп айтууда», —деди ал.

Мэрия Бишкектин жолдорун оңдоп-түзөөнү мартта баштоону пландап жатат. Учурда аткаминерлер реконструкция иштеринен улам канча бак-дарак, бадалча жана дүмүр сүрдүлөөрүн эсептешүүдө.

Адистердин баамында, кыйыла турган бак-дарактардын саны төрт миңге чукул болушу мүмкүн, бирок анын так саны март айынын ортосунда белгилүү болот.