Ош эл аралык аэропорту

Маалымат саат 22:25те жаңыланды

Ош эл аралык аба майданы кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова социалдык тармактагы баракчасынан маалымдады.

«Саат 21:26га карата Ош аба майданы өз ишин жандантты», — деп жазды Курбанова.

Буга чейин Ош эл аралык аба майданындагы кызматкерлер менен жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Ага «бомба бар» деген маалымат себеп болгонун «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашкан.

«Бомба тууралуу маалымат 5-январь күнү саат 18:46да түштү. Маалымат түшөөрү менен имараттагы адамдарды эвакуациялоо иштери башталды», — деген ал.

Ош шаардык милициясы бомба тууралуу маалымат түшпөгөнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. «Бирок милиция жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн башка укук коргоо органдары менен биргеликте текшерип жатат», — деп айтылган маалыматта.

5-февраль күнү саат 15:09да аларга эл аралык «Манас» аэропортунда бомба болушу ыктымал деген маалымат түшкөн.

Абай майдандын имараты курчоого алынып, жеринде УКМК менен ИИМ кызматкерлери иш алып барып, бирок бомба табылган эмес. «Манас» эл аралык аэропорту саат 17:40тан тарта ишин жанданткан.