«Манас» аэропорту кайра иштеп баштады. Бомба табылган жок

Курчалган аэропорт. Сүрөт: 24.kg

Бишкектин «Манас» аэропортундагы бомба тууралуу маалыматтан улам укук коргоо органдары аны курчап, адамдарды эвакуациялагандан кийин аэропорт кайра иштеп баштады. Милиция билдиргендей, жарылуучу зат табылган эмес. Мындан кийин укук коргоо органдары Ош аэропортун жана Бишкектеги авиакассаларды бомбанын бар-жоктугуна текшере башташкан.

Маалымат 19:50дө жаңыртылды.

Окуя болгон жерге барган «Клооптун» кабарчысы Рустам Халимов маалымдагандай, аэропорт ачылып, адамдарды кайра киргизе баштаган. Бул кабарды УКМКнын басма сөз катчысы Рахам Сулайманов да тастыктады. Анын айтымында, текшерүүдөн кийин бомба табылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 5-февраль күнү саат 15:09да аларга эл аралык «Манас» аэропортунда бомба коюлушу ыктымал деген маалымат түшкөн.

Аэропорттун имараты курчалып, жеринде УКМК менен ИИМ кызматкерлери иштешти. Укук коргоо органдары буюмдарды жана жарылуучу заттарды издешкен.

Милиция аэропортко барчу жолду тороп, «Манасты» көздөй жол тартып бара жаткан автоунааларды бир нече сааттай өткөрбөй турду.

Эвакуациядан улам үч каттам токтотулган: Бишкек — Москва (ал саат 17:05те учуп кетиши керек болчу), Ош — Бишкек (саат 17:25те учуп келиши керек болчу) жана Бишкек — Новосибирск (саат 18:05те учуп кетиши керек болчу).

Журналист Регина Им саат 15:30да «Манаска» конгон Москванын учагында болгонун билдирди. Ал жүргүнчүлөрдү учактан эки саатай убакыт чыгарышпаганын айтып берди.

«Бизге “Манас аэропортунун коопсуздугун камсыздоо иш-чарасынан улам жер үстүндөгү кызматтар жеткиликсиз” жана жүргүнчүлөрдү чыгаруу үчүн биз аларды күтүп атканыбызды айтышты. Бул 20 мүнөткө чукул убакытты алат деп убада кылышты. Жарым сааттан кийин бизге бомба тууралуу кабарды угузушуп, аэропортто издөө иштери жүрүп атканын айтышты», — деп билдирген ал «Клооптун» журналистине.

Ушул эле күнү «Манастын» басма сөз катчысы Алия Курбанов Оштун аэропортуна да бомба коюлгандыгы боюнча билдирген. Ал жакта учурда кызматкерлер менен жүргүнчүлөр эвакуацияланууда. Андан тышкары, Ош аэропортундагы эвакуация тууралуу «Газпромдун» басма сөз катчысы асель Абыкеева да жазган.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клооптун» журналистине билдиргендей, аларга бомба тууралуу билдирүү түшкөн эмес, бирок профилактика максатында алар аэропортту текшеришет.

«Бизге эч ким чалган эмес. Профилактика иштерин жүргүзүү үчүн тергөө группа ал жака текшерүү максатында жөнөп кетти», — деди ал.

Ушул эле күнү милиция бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтардан кийин эки авикассанын кеңсесин тинтүүгө алган — бул жөнүндө «24.kg» агенттигине Бишкек ШИИБи билдирген.