Мүрзөдөгү купальникчен фотосессия. Милиция текшерүүнү баштады

Фотосессиянын автору сүрөттөр 2008-жылы тартылган деп айтууда. Сүрөт: Артур Болжуров

Ысык-Көл облусунун милициясы көрүстөндө купальникчен тартылган кыздын сүрөттөрүн текшере баштады. Фотосессиянын автору Артур Болжуровдун айтымында, ал сүрөттөрдү 2008-жылы тарткан жана алар менен эч кимди таарынтып алгысы келген эмес.

Ысык-Көл ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов милиция Болжуровдун авторлугундагы сүрөттөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында «мүрзөдөгү уят-сыйытсыз сүрөттөр» деп жарыяланган материалдардан кийин текшере баштаганын «Клоопко» билдирди.

«Азыр, жаңы мыйзамдар боюнча, эгер жалпыга маалымдоо каражаттарында укук бузуулар көрсөтүлсө биз бул маалыматты автоматтык түрдө каттайбыз жана текшеребиз. Бул факты Тоң району боюнча укук бузуулардын бирдиктүү реестринде катталган», — деп айтып берди милиция өкүлү.

Анын айтымында, сүрөттөргө жоруктар тууралуу беренеге илинип-илинбестиги боюнча юридикалык баа берилген, мисалы, «Өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо».

Жоруктар жөнүндө кодексте чын эле ушундай 131-берене бар, ал «өлгөн адамдын денесин мазактоо же анын мүрзөсүн же мүрзөлүк курулманы жок кылуу, талкалоо же болбосо булгоо» үчүн жазасын түшүндүрүп берет. Мүрзөнүн жанындагы жана үстүндөгү фотосессиялар тууралуу беренеде эч нерсе айтылган эмес.

Усубакунов текшерүү иши бир жумадан эки жумага чейин созулат деп божомолдоду. Ал кошумчалагандай, эгер сүрөттөр 2008-жылы тартылганы тастыкталса, анда эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен сүрөттөрдүн автору жоопкерчиликке тартылбашы мүмкүн. Бул учурда Болжуров милициядан эскертүү алышы ыктымал.

Болжуров сүрөттөрдү 2-февралда өзүнүн фейсбук баракчасында жарыялаган. Бирок, колдонуучулардын нааразычылыгынан улам сүрөттөрдү өчүрүп салган. Ал «Кактус» басылмасына маалымдагандай, кызды сүрөткө Кажы-Сай айылындагы мүрзөдө 2008-жылдын жайында тарткан.

«Мен ошол учурда ал жакта моделдер менен бир долбоор үчүн иштегем. Бул сүрөттөр, албетте, долбоорго кирген эмес болчу. [...] Мүрзөнү көрүп калгандан кийин менде ушул сүрөттөрдү тартуу чыгармачылык умтулуум кокусунан пайда болуп калды», — деди Артур Болжуров.

Ал динге ишенүүчү адамдарды ыза кылгым келген эмес деп айтууда.

«Биз кайсы бир морадёрлордой болгон эмеспиз, мүрзөлөрдү бузган эмеспиз. Ошол учурда мүрзөдө аксакал да жүргөн. Ал биз түшүндүрүп бергенден кийин фотосессия өткөрүүгө уруксат берген», —деп түшүндүрдү фотосүрөтчү.

Соцтармактардагы реакциялар

Фейсбук колдонуучуларынын көпчүлүгү мүрзөдөгү фотосессияны катуу сынга алышкан.

«Өтө жаман! Кандайдыр бир моралдык нормалар жана ыйык эч нерсе жок. Жетишпеген адамдар», — деп фотосессия жөнүндөгү «Кактустун» жарыясына колдонуучу Влад Даниленко пикирин калтырды.

Башка колдонуучу Назира Мамбетова автор фотосессия өткөргөн жерде үй-бүлө мүчөлөрү көмүлгөнүн ырастаган.

«Мен ал жакта кандайдыр бир съемкалар өткөрүлүшүн каалабайм. Автор ошол кызды өз тууганын көрүстөнүнө коюп, ошол эле нерсени кылып көрсүн. Балким бул анын жашоо менен өлүм маселесине көз карашын өзгөртөт», — деп жазган ал.

Твиттердин колдонуучулары да мүрзөдөгү фотосессияны сынга алышкан.