Иллюстративдүү сүрөт. jcomp / Freepik

Автоунаа ээлери үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам (автокамсыздандыруу) 7-февралдан тарта күчүнө кирет. Бирок, кыязы ал ошол күнү иштей баштабайт окшойт. Бийлик мыйзамдын мөөнөтүн эки жылга жылдырууну сунуштоодо.

Өкмөт парламент депутаттарынын автокамсыздандырууну 2021-жылга чейин кечеңдетүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Бирок ал азырынча коомдук талкууда, андан кийин ал парламентте үч окуудан өтүп, президенттин жактыруусун да алышы керек. Ошондон кийин гана автокамсыздандырууну киргизүүнү кечеңдетүүгө болмок.

Мамфинкөзөмөл автокамсыздандыруу полиси жок айдоочуларды 2019-жылдын 7-августуна чейин айыпка жыкпай турууну сунуштаган, бирок өкмөт бул сунушту ошол бойдон бекиткен эмес.

Эмне үчүн автокамсыздандыруу тууралуу мыйзам 7-февралда иштей албайт?

• Мамфинкөзөмөл жана жол инспекциясы автокамсыздандырууну киргизе башташы үчүн өкмөт керектүү документтерге кол коё элек.

• Мамфинкөзөмөл өкмөттүн токтому жок камсыздандыруу компанияларына автокамсыздандыруу полисин берүү боюнча лицензияны бере албайт.

• Жол инспекциясынан билдиришкендей, автокамсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айдоочуларга айып пул салуу боюнча механизмдер азырынча жок.

• Кээ бир саясатчылар менен депутаттардын айтымында, өкмөт автокамсыздандыруу боюнча маалыматтык кампанияны жетиштүү өткөргөн эмес. Бирок ИИМден ведомствонун кызматкерлери айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтышкан.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Оторов мыйзам күчүнө киргенине карабастан, инспекторлор азырынча айдоочуларды автокамсыздандыруу полиси жоктугу үчүн айыпка жыкпасын «Клоопко» кабарлады.

«Милиция автокамсыздандыруу полисинин бар-жогун текшерүүгө укуктуу. Бирок механизм иштелип чыга элек болуп аткандыктан, биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Автокамсыздандыруу толук кандуу иштей баштаганда [ инспекторлор полиси жок айдоочуларга штраф сала башташат]», — деди Оторов.

Автокамсыздандыруу — бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Автокамсыздандыруу полиси жол кырсыгы болгон учурда жабырлануучу алган жаракаты жана бузулган мүлкү үчүн каражатты кепилдүү ала алышы үчүн керек.

Автокамсыздандыруу мыйзамы боюнча, ар бир автоунаа ээси машинасына камсыздандыруу полисин сатып алышы керек. Айдоочу полисти ушундай кызматтарды көрсөткөн каалаган камсыздандыруу компаниясынан сатып алса болот.

Бийлик автокамсыздандыруу полисинин бир жылдык орточо баасын автоунаанын түрүнө жана айдоо тажрыйбасына жараша 1600 сомдон 6500 сомго чейин деп баалаган.