Freedom House Кыргызстанды кайрадан «жарым-жартылай эркин» өлкө деп тааныды — бул макам 2011-жылдан бери сакталууда

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму сөз эркиндиги, дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын саясий жана социалдык укуктары боюнча жаңы баяндама жарыялады.

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан максималдуу 100 баллдын ичинен 38 баллга ээ болуп, кайрадан «жарым-жартылай гана эркин» өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

«Кыргызстандын бийлиги мыйзамдарды экстремизмге каршы күрөшүү үчүн колдонуп, сайттарды, видео-аудио сервистерди бөгөттөйт. Мисалы SoundCloud», — деп айтылат баяндамада.

Өлкөнүн абалы 2011-жылдан бери өзгөрбөй келет, ал эми 2010-жылы Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн категориясында болгон.

Өлкө канчалык көп балл алса, укук коргоочулар сөз эркиндиги менен башка эркиндиктердин деңгээлин ошончолук бийик баалашат. Изилдөөгө ылайык, жалыпысынан «эркин» өлкөлөрдүн катарына 86, «жарым-жартылай эркин» 59, андан тышкары, «эркин эмес» мамлекеттердин катарына 50 өлкө кирген.

Инфографика: «Настоящее Время»

Норвегия, Швеция жана Финляндия 100 упай алышкан, кийинки орунда 99 упай менен Канада жайгашкан.

КМШ боюнча Кыргызстанга коңшу өлкөлөр Казакстан жана Орусия 22 жана 20 упайдан алышса, Тажикстан менен Өзбекстанга 9 упайдан тийген. Сирияга эң төмөн упай берилген — 0 упай.