Маданият министрлигинин юристи журналист Лейла Саралаева менен соттошууда. Эмне болуп жатат?

Лейла Саралаева. Сүрөт фейсбук барагынан алынды

Маданият министрлигинин юристи Кыял Кенжематова «Жаңы жүздөрдүн» башкы редактору Лейла Саралаеваны сотко берди. Ага журналист менен болгон телефондук сүйлөшүүсүнүн ачыкка чыгып кеткени себеп болгон. Ал Саралаева менен 57 миң сомго элдешүүгө даяр.

Өткөн жылдын ноябрында Саралаева менен Кенжематованын ортосунда болгон араздашуу соттошууга алып келди. Журналисттин айтымында, ага учурунда Маданият министрлигинен гезиттин бардык сандарын ведомствого акысыз берүү талабы менен кат түшкөн.

Саралаева министрлик менен байланышканда, анын телефон чалуусун юрист Кыял Кенжематовага которушкан. Журналист андан министрликтин талаптары жөнүндө кененирээк тактай баштаганда Саралаеванын айтымында, Кенжематова «жиндене баштаган».

«Ал эгер биз [гезиттерди] бербесек, анда [маданият министрилиги] атайын кайтарган жана текшерген маморгандарга кайрылабыз деп айткан», — деп «Клооптун» журналистине курган маегинде билдирген Саралаева.

«Жаңы жүздөрдүн» башкы редактору Кенжематова менен болгон маегин басым катары баалап, бул тууралуу фейсбукка жазып, юрист менен болгон телефондук сүйлөшүүнү чыгарып салган. Кийинчерээк ошол учурдагы маданият министринин орун басары Айнура Темирбекованын кечирим суроосунан кийин Саралаева постун өчүрүп койгон.

Сотко даттануу

2018-жылы декабрда Саралаева Кенжематова анын үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз тапшырганын уккан.

«[Сотто мага айтышкандай] көрсө биз анын жана анын баласынын укуктарын бузуптурбуз. Баласынын кандай тиешеси бар, түшүнгөн жокмун», — деп айтып берди журналист.

Саралаева Кенжематовага тынчтык менен чечишип алууну сунуштап, юрист эгер компенсация катары ага 57 миң сом төлөп берсе гана элдешүүгө даярдыгын билдирген. Ал эми Саралаева компансацияны «негизсиз» деп эсептеп, бул сунуштан баш тарткан.

«Өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм. Мен жөн гана анын сөздөрүн, анын жүрүм-турум стилин коомчулукка жеткирдим. Бул кандайдыр бир жашыруун сыр эмес болчу», — деди «Жаңы жүздөрдүн» башкы редактору.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналисти Кенжематова менен байланыша алган жок.

Юристтер эмне деп жатышат?

Саралаева жеке сүйлөшүүнүн жазмасын юристтин уруксаты жок жарыялоо менен мыйзамды бузуп коё алмак беле же жокпу?

Юрист Замир Жоошев мыйзам бузуу жок деп эсептейт, себеп дегенде Саралаеванын Кенжематова менен сүйлөшүүсүндө акыркысынын жеке жашоого болгон укугун буза тургандай маалыматтар камтылган эмес.

«[Сүйлөшүүдө] жеке жашоо тууралуу маалыматтар жок, ошондуктан [журналист] эч бир компенсация төлөбөй койсо болот [...] Бул иш боюнча сүйлөшүү болгон», — деди Жоошев.