Иллюстративдүү сүрөт. Flickr.com

Парламент депутаттары чылым менен электрондук тамекилерди коомдук имараттарда, аялдамаларда жана кум жээктерде чегүүгө тыюу салууну сунушташууда. Ошондой эле, алар мыйзам долбоорунда никотинсиз электрондук тамекилерди чегүүдөгү терс натыйжаларды адаттагы тамекилерди чегүүгө теңешкен.

Депутаттар тобу коомдук жайларда тамеки чегүү эрежесин өзгөртүүнү шарттаган жаңы мыйзам кабыл алууну сунушташууда. Ага ылайык, чылым, кальян жана электрондук түзмөктөрдү (вейп жана электрондук тамекилерди) коомдук жайларда, имарат терезелеринин жанында, андан тышкары лифттерде жана үйлөрдүн подъезддеринде чегүүгө болбойт.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, парламенттин депутаты Алмазбек Токторов мыйзам долбоору саламаттык сактоо боюнча комитетте кароодо экенин «Клоопко» билдирди. Андан кийин идея бир айдын ичинде парламентте биринчи окууда каралат деп эсептейт ал.

Эл өкүлдөрүнүн мыйзам долбоорунда чылым, кальян жана электрондук тамекилерди (никотинсиз жана никотини бар) төмөнкү жайларда чегүүгө тыюу салуу сунушталууда:

• муниципалдык, жеке жана турак имараттарында, анын ичинде подъезддер, лифттер жана туалеттер;

• көчөлөрдө жайгашкан тамактануучу түйүндөрдө (ред. — кафелердин терассаларында жана күркөлөрдүн алдында);

• билим берүү имараттарында жана алардын аймактарында;

• имараттардын кире бериштеринен жана терезелеринен 2 метрден кем эмес аралыктарда;

• коомдук транспорттордун аялдамаларында жана алардан үч метрден кем эмес аралыкта;

• кум жээктерде;

• ооруканаларда жана алардан 10 метрден кем эмес аралыкта.

Иллюстративдүү сүрөт. Flickr.com

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, кыргызстандыктар тамеки чегүүдөн же электрондук чылымдардын түтүнүнөн улам өлүп же майып болуп калышат, ал эми учурдагы мыйзамдар буга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат.

Токторов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, никотини жок электрондук тамекилер «организмде айрым өзгөрүүлөрдүн болушун шарттайт», анткени алардын курамында «аэрозоль» бар.

«Мыйзамдын демилгечилерине карата бизге түшкөн маалыматтар боюнча, [...] Кыргызстандагы онкологиялык оорулардын 30 пайызы тамеки чегүүдөн жана аэрозольдон улам чыгат. Бул эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Эл аралык онкологдор уюмунун», — деп түшүндүрдү депутат.

Маалымдама: Электрондук тамекилердин бардыгында эле (анг. вейп) никотин боло бербейт. Вейп чегүүдө анын ичиндеги кошулма ысыйт — бул буу чыгарат (аэрозоль).

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун (БДСУ) маалыматтарына ылайык, вейптерден чыккан түтүн (аэрозоль) ууландыруучу заттардан турат жана аларды колдонуу ден соолукка зыян тийгизет.

«Аларды көпкө колдонуу, кыязы, өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларынын, өпкө рагынын, балким, чылым чегүүгө байланыштуу болгон жүрөк кан тамыр ооруларынын жана башка илдеттердин өөрчүп кетүү коркунучун жогорулатат», — деп айтылат БДСУнун докладында.

Бул мыйзам долбоору дагы эмнеге тыюу салышы мүмкүн?

• Тамеки, кальян жана электрондук чылымдарды жарнамалоого;

• дүкөндөрдө тамеки, кальян жана электрондук чылмыдардын түрлөрүн демонстрациялоого (ред. — аларды сатып алуучу көрбөгөн жерде кармоо керектелет);

• 20 даанадан кем же ашык тамекиси бар пачкаларды же аларды дааналап сатууга;

• насвайдан башка чегилбей турган тамеки заттарын өндүрүү, ташып келүү, сактоо, дүң жана чекене соода жүргүзүүгө;

• насвайды үй шарттарында жана лицензиясы жок өндүрүүгө;

• насвайды талаптагыдай таңгагы жана акциздик белгиси жок сатууга;

• электрондук тамекилерге арналган суюктуктарда алардын ароматизаторлорунун атын көрсөтүүгө (мисалы, алча даамдуу).