Маалыматтык ызы-чуу: Жээнбеков кол чатырды өзү деле көтөрө алат

Президент Жээнбеков Бишкектеги мектептердин биринин директору менен кол чатыр кармап бара жатат. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргыз басылмалары менен коомдук тармактар президент Сооронбай Жээнбеков кол чатырды өз алдынча кармап жүргөн сүрөткө суктанышууда. Бул эмне үчүн маалыматтык ызы-чуу экендигин түшүндүрүп беребиз.

Президент Бишкектеги мектептеринин бирине баргандан кийин ага коомчулук суктана баштаган. Кар жаап жаткан учурда мектеп директорлору менен чогуу бара жаткан Жээнбеков кол чатырды өзү кармап алган (сүрөткө тартылган директордун бардыгы — аялдар). Коомдук желеде бул үчүн президентти «жентлмен» деп аташкан.

Джентельмен №1

Posted by Нургазы Мусаев on Wednesday, February 6, 2019

«Спутник» менен «Кактус» басылмалары да Жээнбековдун кадамына суктанышып, аны кол чатырды жардамчыларына карматышкан экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка аткаминерлер менен салыштырышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева кол чатырды өз алдынча кармоодо эч бир өзгөчөлүк жоктугун аныктоого аракет кылган пост жазган. Ошондой эле ал Жээнбеков премьер-министр кезинде эле кол чатырды өзү кармап жүргөнү тартылган бир нече сүрөттү жарыялаган.

Зонт туууралуу талкууга карата. Премьер кезинен берки сүрөттөрү. Зонт көтөрүү - адаттагыдай эле көрүнүш. ...

Posted by Tolgonai Stamalieva on Wednesday, February 6, 2019

Эмне үчүн мунун баары маалыматтык ызы-чуу?

Албетте, «жентлмендик» имижди колдоп коюунун жаман жери жок, себеби көптөгөн эле саясатчылар ушундай кылышат жана бул Кыргызстанда эле болуп аткан көрүнүш эмес. Бирок, президент кол чатырды өзү кармаганы эч нерсеге таасир этпейт.

Бул абалда Жээнбековдун мындай образы кол чатырды жансакчыларына карматкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен болуп аткан тирешинде тек гана анын пайдасына ойнойт. Бирок ЖМКлар менен соцтармактардагы ушундай жарыялар башка маанилүү жаңылыктардан алаксытууда, мисалы, Жээнбеков барган мектептердин ашыкча толгондугу жөнүндө маселелерден.