Жалал-Абадда балдарды «сабаган» тарбиячы үч жылга шарттуу кесилди

2018-жылдын ноябрында соцтармактарга бөбөктөргө орой мамиле жасап, кол көтөргөн бакчанын кызматкери туурасында тасма тараган. Ошол эле күнү ата-энелердин бири милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук соту «балдарды сабоого» шектелген 29 жаштагы тарбиячыны шарттуу түрдө үч жылга кести.

Облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов сот тарбиячыны «бейбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан өкүм 4-февралда чыкканын «Клоопко» билдирди.

«Айыпталуучу бир жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө үч жылга кесилди. Ага жашаган жеринен чет жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы угузулду», — деди ал.

Маалыматка ылайык, сот айыпталган адамды жабырлануучу тарапка 10 миң сом айып пул төлөп берүүгө милдеттендирген.

2018-жылдын 21-ноябрында коомдук тармактарга бакча тарбиячысы жаш балдарды сабап, зекип жатканы тартылган тасма тараган. Жалал-Абад шаардык милициясы окуя калаадагы №21 бала бакчасында болгонун жана балдардын биринин ата-энеси укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын маалымдаган.

Бакча жетекчилиги тарбиячыга сөгүш жарыялап, ал жумуштан алынганы айтылган.

Милиция окуяны «денеге залал келтирүү» беренеси менен каттоого алган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган берене «бейбаштык жасоого» өзгөртүлүп, 29 жаштагы тарбиячынын иши сотко өткөрүлүп берилген.

Облустук соттон билдиришкендей, өкүм аппеляциялык тартипте даттаныла элек.

Редактору: Айдай Беделбек кызы