ЖМК: АКШда Кыргызстандын мурдагы элчисинин баласы үч жылга соттолду

Тенгиз Сыдыков

Тенгиз Сыдыков АКШдан аткезчилик менен курал чыгаруу аракети үчүн үч жылга соттолду. Анын апасы Замира Сыдыкова 2005-2010-жылдары Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп иштеген. Бул иш боюнча Сыдыков менен кошо дагы бир адам соттолду.

Сыдыкова баласы Тенгизди 3 жылга камакка алуу боюнча өкүм чыкканын «Азаттыкка» тастыктады. Ал Пенсильвания штатынын түрмөлөрүнүн биринде жазасын өтөйт.

«Башында бир катар айыптар тагылганы менен, кийин куралды лицензиясы жок жиберген деген айыптоо гана калды», — деген ал.

Сыдыков менен бирге бул иш боюнча Элдар Резванов да айыпталуучу катары өткөн. Сот аны да күнөөлүү деп таап, 4 жылга кескен. Азырынча Сыдыков менен Резванов жаза мөөнөтүн бир эле абакта өтөшөбү же жокпу белгисиз.

2018-жылдын 28-февралында америкалык ЖМКлар Чеченстанга курал-жарактарды аткезчилик менен чыгаруу боюнча шектелген эки адам кармалганын маалымдашкан.

Башында аларды жаңылып чечендиктер деп кабыл алышкан, бирок кийинчерээк кармалгандардын экөөсү тең Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болгон. Алар 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов болушкан.

АКШнын юстиция департаментинин сайтында жайгашкан документке ылайык, Сыдыков жана Резванов ажыратылган 100 даана куралдарды сатып алышып, аларды лицензиясыз Чеченстанга жөнөтүүгө аракет жасашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар аткез товарды жасалма документтер менен ашкана буюмдары катары көрсөтүп жөнөтүүгө аракет кылышкан.