Татьяна Зеленскаянын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Үйдөгү акы төлөнбөгөн жумуштар — бул тамак-аш даярдоо, үй жыйноо, кир жуу жана бала-чаканы кароо. Кыргызстанда алардын баарын көбүнчө аялдар жасашып, бул жумуштарга эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришет. Натыйжада бул көрүнүш кыргызстандык аялдардын окушуна, иштешине жана өлкөнүн экономикасына өз салымын кошушуна тоскоолдук жаратат.

Материал Берилиштер мектеби (Школа Данных) жана «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы кеңсеси менен өнөктөштүктө даярдалды.

Кыргызстанда аялдар менен эркектер өз убакыттарын кантип коротушаары боюнча Улуттук статистикалык комитети изилдөө жүргүзгөн. Аны «Клооптун» журналисттери талдап чыгышты. Бала-чакасы жок жана экөө тең эмгектенген шаардык жубайлар үй жумуштарына канча убакыт сарпташаары видеодо көрсөтүлдү.

Биздин анализ Кыргызстанда үй-бүлөдөгү үй жумушу туура бөлүнбөй, стереотиптердин басымынынын астында бөлүштүрүлүп жатканын көрсөттү — аялдар үй жумуштардын көпчүлүк бөлүгүн алар аял болгон үчүн гана жасашат.

Түшүнүксүз айлампа болуп калды. Бир жагынан аялдар өз убактысынын көпчүлүк бөлүгүн үй иштерине жумшоого аргасыз болуп, алардын убактылары акы төлөнүүчү жумуштарга жетпей калууда. Башка жагынан гендердик стереотиптердин жана маданият нормаларынын айынан аялдар үй кожойкеси ролуна багынып берет.

Үй жумуштарын негизинен аялдар аткаргандыктан, билим алуу менен иштөөгө убакыттары калбай калат. Бул аялдардын экономиканын өнүгүшүнө салымын азайтат — алар коом үчүн пайдалуу инновацияларды иштеп чыгып, жаңы идеяларды генерациялап, жумуш орундарын түзө алышмак, мунун баары Кыргызстандын экономикасына жакшы таасир тийгизмек. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) баалоосу боюнча, эмгек базарында аялдар менен эркектерди бирдей көрсөтсө ИДП 27% чейин өсүшү мүмкүн.

Аны менен бирге эмгектенген эркектердин пайызы аялдарга салыштырмалуу алда канча жогору, бирок эркектердин бош убакыттары дагы көп. Анын себеби — жубайлардын ортосундагы үй жумуштарын бөлүштүрүлүшү бирдей эместигинде.

Биздин тыянагыбызды тастыктаган эң маанилүү фактыларды чогулттук.

1. Кыргызстандагы аялдар эркектерге караганда үй жумуштарына үч эсе көп убакыт кетирет, эркектердей бир жарым саат эмес төрт жарым саат.

2. Аялдар ишке кирүүдө үй иштерин кошо алып кеткенге ыңгайлуу жана жолго аз убакыт кеткендей жумуш тандашат. Ал эми мансаптык өсүү жана кадырлуу жумуштарга көпчүлүк учурда эркектер көбүрөөк кызыгышат.

3. Айыл-кыштактарда аялдар үй жумуштарына мындан көп убакыт кетиришет. Баарынан да абал Баткен облусунда начар. Баткендик кыз-келиндер бул иштерге күнүнө беш сааттан ашык убакыт жумшашат.

4. Аялдар убакыттын көпчүлүгүн дал ошол үй жумуштарына коротушат, ал эми балдарды тарбиялоого алардын болгону 17 мүнөтү кетет. Эркектер болсо балдарга күнүнө 8 мүнөт гана убакыт бөлүшөт.

5. Үй жумуштары шартту түрдө «эркекке таандык» жана «аялга тиешелүү» деп бөлүнөт. Негизинен аялдар тамак-аш даярдоо, үй жыйноо, кир жуу, үтүктөө жана бала-чаканы кароо менен убактыларын өткөрөт, ал эми үй техникаларын, эмеректерди жана турак жайды оңдоп-түзөө менен эркектер алектенет. «Эркектердин» үйдөгү милдеттери — бул күн сайын жасалуучу иштер эместиги көрүнүп турат. Ал эми аялдар үй ичиндеги жумуштарды күндө аткарышат.

6. Үй иштерин негизи аялдар аткаргандыктан, аларда эркектерге караганда окуу менен жумушка бир жарым сааттан аз убактысы калат — бул күнүгө тил үйрөнүү боюнча бир сабакка же спорт клубундагы бир машыгууга барабар.

7. Эркектер аялдарга салыштырмалуу жумушта бир саатка көп кармалышат. Ага карабастан, эркектерде бош убакыт көп, ал эми аялдар аны көбүнесе үй жумуштарына коротушат.

8. Аялдар көп убакыттарын үй жумуштарына кетиргендиктен, аларда өлкөнүн экономикасына салым кошуп, көбүрөөк иштегенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Кыргызстанда жумушка жарамдуу эркектердин 70% ашыгы жана аялдардын жарымынан азы гана эмгектенет.

9. Аялдар эркектерге салыштырганда маянанын төрттөн үч бөлүгүн алат. Бул айырма абдан жай теңелүүдө. Баарынан да ажырым эң кирешелүү кесиптерде болууда: транспорттук, мейманкана жана каржы секторлорунда.

Бул макалада келтирилген пикирлер сөзсүз эле «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун же анын ар кандай биригишкен уюмдарынын көз караштарын чагылдырбайт.

Авторлору: Анна Капушенко, Савия Хасанова

Видео: Арсений Мамашев, Тилек Бейшеналиев, Айзада Каратаева, Бекжан Асылбеков

Иллюстрацилар: Татьяна Зеленская

Редакторлору: Катя Мячина, Алтынай Мамбетова, Дмитрий Мотинов