Бишкектин банктарынын алдында той өткөрүүгө насыя албагыла деген чакырыктар пайда болду

«Тойго кредит албагыла!» деп жерге жазылган чакырыктар 11-февраль күнү кечинде бир нече банктын алдында пайда болгон. Акциянын уюштуруучулардын айтымында, мындай жол менен алар адамдарды каражаттарды кандай чыгымдап атышканына көңүл бурдургулары келген. Ошентсе да уюштуруучулар акция банктардын ишине каршы багытталбаганын белгилешти.

«Адамдар насыя безнеске эмес, адамдар насыяны үйлөнүү-үлпөттөргө алышып, андан кийин карызга батып кетишет. Карызды жабыш үчүн жаштар баш кошкон жашоосунан ырахат алып жашоонун ордуна чет өлкөгө иштөөгө кетишет», — деп айтылат активисттердин билдирүүсүндө.

Мигранттардан Кыргызстанга которулуп жаткан акчалардын көпчүлүгү билим берүү жана саламаттыкты сактоонун ордуна үйлөнүү-үлпөттөргө жана тойлорго коротулат. «Клооптун»* эсебине ылайык, Кыргызстанда мигранттардын акчасына ар бир онунчу той өткөрүлөт.

• Кыргызстан мигранттардын ИДПга акча которууларынын үлүшү боюнча экинчи жыл катары менен дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлейт.

• Улуттук банктын айтымында, мигранттардын акчасы жумушсуздук менен жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү менен «мамлекетке социалдык чыңалууну чечүүгө жардам берет».

• Дүйнөдө бир да өлкө Кыргызстан сыяктуу мигранттардын акчасынан көз каранды эмес. Эгер 10 жыл мурда акча которуулар өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын гана түзсө, азыр ал дээрлик 40 пайызга чейин жетет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт

Кыргыздардын той-аштарындагы кошумча берүү салты кандай иштейт?